Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Украинада эртең президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Анда президенттик шайлоо башталгандан бери жарыша атаандашып келаткан өлкөнүн премьер-министри В.Янукович менен оппозиция башчысы В.Ющенко күч сынашат. 31-октябрда өткөн алгачкы айлампада эки талапкер 39 пайыздын тегерегиндеги добуш алып, Ющенко бир аз өз атаандашынан артыкчылык алган. Ющенко чынында шайлоонун 1-айлампасында эле утканын кайталап, эртең добуштар бурмаланчу болсо көп эл катышкан демонстрацияларды уюштураарын эскертүүдө. АКШ президенти Ж.Буш Украинадагы президенттик шайлоо адилеттүү өтпөсө Вашингтон Киев менен алакаларын кайра карап чыгат деп эскертти. Киевге барган эл аралык байкоочулар арасында Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Борис Грызлов жана АКШ Сенатынын тышкы иштер комитетинин төрагасы Ричард Лугар баштаган делегациялар бар.

XS
SM
MD
LG