Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

ТҮРК ЖАНА БАТЫШ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА


Өткөн аптада батыштык басылмаларда, Росийанын жаңы өзөктүк куралы жана Ирандын өзөктүк программасы; жана Ирактагы согуш негизги талкууну жаратты.

“Жакында Россия дүйнөдө эч бир өлкөдө теңдеши жок жаңы өзөктүк курал иштеп чыгат” деп Россиянын президенти Владимир Путиндин айткан сөздөрү менен байланыштуу, Түркияда чыгуучу «Заман» гезитинде жарыяланган макаласында, Евразия Изилдөөлөр Борборунун Россия жана Украина бөлүмүнүн башчысы Синан Оган, армиянын колбашчылары менен 1925- жылдан бери салтка айланып калган чогулуш учурунда Путиндин айткан бул сөздөрү жаңылык эмес экенин билдирген. Синан Огандын пикиринде, маселенин көңүлдү өзгөчө өзүнө тарткан жагы, Путиндин Бесландагы трагедиядан кийин, “Россиянын өзөктүк күчүнөн корккондор, террористтерге жардам берип жатышат” деп айткан сөзүнөн бир ай убакыт өткөн соң бул “тозок куралынан” кеп кылып жатышында. Анткени дейт стратег Синан Оган, “Россиянын өзөктүк күчүн ‘коркунуч’ катары баалай турган бирден бир өлкө бул АКШ. Эгерде, Путиндин Беслан менен байланыштуу айткан сөздөрүн эсепке ала турган болсок, демек террористтердин артында АКШ турабы?» деген суроо туулат”.

«ЗАМАН» гезитинин ошол эле санында комментатор ли Чимендин дагы ушул темага арналган макаласы жарыяланып, “кансыз согуш кайра башталып жатабы”? деген түкшүмөл ой билдирилген. “Президент Буштун кайра шайлануусу менен бирге, Ирактагы согушту акыл-эске сыйбай турган ыкмалар менен күчөтүшү; кабинетиндегиорточул багыттагы Колин Поуэллдин ордуна орус саясатына адистешкен Чондолеза Райсты дайындоосу; анан көп өтпөй туруп эле, АКШнын үндөн 10 эсе ылдам учуучу ракетасын сыноодон өткөрүүсү; ошондой эле, Россиянын президенти Владимир Путиндин, демейдеги дипломатиялык оорбасырыктуулуктун чегинен чыккан түрдө, “дүйнөдө эч кимде болбогон өзөктүк курал жасап жатабыз” деп мактанышы, кансыз согуштун кайра башталуусу тууралуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү” деп билдирет комментатор Али Чимен.

Истамбулда чыгуучу «Radikal» гезитинин бейшембидеги санында, Ирандын өзөктүк программасы жана Вашингтондун реакциясын талдоого алган бир макала жарыяланган. “11- сентябрь террактынан кийин президент Жорж Буш тарабынан ‘карасанатайлыктын борбору’ деп аталган 3 өлкөнүн бири болгон Иран Вашингтондун бутасында” деп билдирилет макалада, “Алда канча жылдардан бери өзөктүк программасын ишке ашырып келаткан Ирандын, өзөктүк курал иштеп чыгуунун алдында тургандыгы, атүгүл, нары дегенде 2007- жылда ал куралын сыноодон өткөрүүсү мүмкүн экени бышыкталып жатат. Ошондуктан, АКШ жана Евробиримдик Иранды ошого жетпей туруп токтоткусу келет”. Макаланын автору ‘Түркия Улуттук Коргонуу Стратегиялары Изилдөө Борбору’ (TUSAM)нын Европа боюнча бөлүм башчысы Махмут Ниязи Сезгиндин пикиринде, эгерде Иран санкциялар же коркутууларга алдырбай программасын уланта берсе Пентагон чектүү бир аскердик операция жасашы ажеп эмес. Башкача айтканда,-деп улантат автор,-- АКШнын сентябрь террактынан кийинки Иранга карата саясаты “же алмашасың алмашпасаң мен алмаштырам” деген саясат. Ошондой эле, учурда АКШ менен Ирандын ортосунда тутанып жаткан оор абал, согуштан илгерки Ирактагы абалды эске салууда. Согуштан мурда АКШ адегенде Ирактын төбөлдөрүн массалык кыргын салуучу куралдарды иштеп жаткандыкта айыптап, анын артынан аскердик операция баштаган эле.

Стратег Махмут Ниязи Сезгиндин мындай деген пикирин тастыктагандай болуп, Израилде чыгуучу Иерусалем Пост гезитинин жекшембидеги санында, Израиль өкмөтүнүн дарегине арналып, “Ирандан келчү өзөктүк коркунучту кайсы гана жол менен болбосун жойгула” деген кат жарыяланган. “Эгерде Ирандын өзөктүк курал өнүктүрүүсүнө жол коюлса, Израиль мамлекетинин жашап калуусу тообекел астына кирерине шек жок” деп жазылат катта, “маселе бул коркунучту кандайча жоюуда турат”. Каттын автору Йохн Родман андан ары, өзүнүн сунуштарын чечмелеп Израиль өкмөтү АКШнын кечиктирбей чара көрүүгө мажбурлоого же болбосо, Ирандык террорист уюшмаларды же Израилдин өзүнүн атайын машыктырылган күчтөрүн Иранга жиберип өзөктүк куруу обьектилерин талкалоого; ага болбосо, өзөктүк курал курулуштарына ракеталык сокку урууга чакырган.

Эларалык Human Rights Watch уюмунун вебсайтында, Кыргызстандын патриоттук кыймылынын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголуп кетүүсү тууралуу маалымат жарыяланган. Турсунбек Акундун дайынсыз жоголуп кетиши анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуш керек” деген, Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борборазия бөлүмүнүн башчысы Рачхел Денбердин айткандары камтылган маалыматта, Акунов жетекчилик кылган патриоттук кыймыл президент Аскар Акаевдин кызматынан эрте четтетилишин талап кылган уюшма экенине көңүл бурулган.

Лондондо чыгуучу Economist жумалыгынын кийинки санында, “Жашасын король!” деген бир макала жарыяланып, Азербайжандын президенти Илхам Алиевтин, дегеле жазбай атасынын изин кууп жатканы билдирилет. “Көзү өткөнүнө 1 жыл толуп калганына карабастан, Азербайжанды али да болсо Хайдар Алиев башкарып жаткандай сезилет” делинет «Экономисттин» макаласында, “Илхам Алиев али атасынын көлөкөсүнөн кутула элек. Өлкөдө ата Алиевтин саясаты же анын тегерегиндеги адамдар алмашкан жок. Кенже Алиев тизгинди бошоңураак коюп, өлкөнү либералдаштырар бекен дегендердин ою ордунан чыкпай калды”.

Германияда чыгуучу Die Welt гезитинин ишембидеги санында, Түркиянын армиясы Түндүк Ирака басып кирүүнүн даярдыктарын көрүп жаткандыгы бышыкталган бир макала жарыяланды. Макалада ырасталышы боюнча, Түркиянын армиясы кийинки 1 айдын аралыгында Ирак чегарасына карай адаттан тыш өлчөмдө аскер жана согуштук техника топтой баштаган. Ошондой эле, гезиттин пикиринде Түркия мунусу аркылуу АКШнын Түндүк Ирактагы мунайга бай Киркук областын курдтөрдүн колуна өтпөстүгүн камсыздоочу чара көрүүгө мажбурлагасы келет. Андай абалда- делинет макалада—Түрктөр Киркуктагы түркмөндөрдү куралдуу баш көтөрүүгө тукуруп, ошол эле учурда, көп сандагы аскерлери менен, ПККге каршы согушка төңкөп Түндүк Ирака басып кирүүсү ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG