БИШКЕК. Кыргызстан элдик патироттук кыймылдын саясий кеңеши 18-ноябрда Турсунбек Акундун укугун коргоо жана издөө комитетин түзүп төрагалыгына Нурлан Мотуевди шайлаган. Учурда аталган комитет ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана Турсунбек Акундун үйбүлөсү менен укук коргоочуну чогуу издөө иштерин жүргүзүүдө. Бирок ушул күнгө чейин андан эч бир натыйжа чыга элек. Андыктан укук коргоочунун тагдырына кыргыз бийлигинин көңүлүн бөлүүсүн, ал жөнүндө маалыматты билдирүүсүн өтүнүп, 23-ноябрь шейшемби күнү саат 9-30 бардык демократтык прогрессивдүү күчтөр өкмөт үйүнүн астына митинг өткөрөөрүн комитеттин төрагасы Нурлан Мотуев бүгүн “Азаттыкка” билдирди.