Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

ДҮЙНӨЛҮК АБА ЫРАЙ ӨЗГӨРҮҮДӨБҮ?


Жакында Орусия, аба ырайынын бузулушуна себепкер болуучу өнөр жай ишканаларынын газды бөлүп чыгаруусун азайтуу боюнча федералдык мыйзам кабыл алды. Анын негизинде Киото эл аралык келишимге кол коюлду. Эми эки тарап 2008 жылдан 2020 жылдар арасында абаны бузуучу газдарды азайтууга киришет. Жер жүзүндө аба ырайынын бузулуп баратышына өнүккөн өлкөлөр өнөр жай ишканалары себепкер дешет.

Москвада кечөөтөн бери кар жаап көздү ачырбоодо. Аба ырайынын тамырын тартчулар, Атлантикалык мухитден чыккан бороондуу жаан-чачын эки күн ичинде орусиялыктар европалык тарабын бүт ээлейт дешет. Жерге тоң кирип, 7 градуска дейре суук түшөт дешет.

Кийинки учурда дүйнөлүк окумуштуулар менен саясатчылар ортосундагы талашка ушул, куду, Ала-Тоонун ак кар көк муз эпкини сыяктанган - суук менен жылып кетиш себепкер болууда. Суук качып ысык каптап келаткандыктан жакында мухиттер көөлгүп, чегине батпай жээгинен чыга качып, ээлеп жаткан суусу 6 метрге тереңдейт дешет.

Буга ишенбеген тарап жер шарынын жүзүндөгү аба ырайын өзгөртүү дегеле мүмкүн эмес дешет. Мындай ойду дүйнөлүк аба ырайын иликтөө уюмунун кызматкери Эдуард Суриханян айтат:

- Арктиканын кайсы бир аймактарында муздуулугу азайды, атап айтканда, Баренцово көлүнө жеткен жагында. Ошол эле учурда Канадалык жээгинде Арктикалык мухитдин муздуулугу көбөйүүдө, - дейт окумуштуу.

Кийинки учурда жер жүзүнүн мурда болуп көрбөгөндөй жылып кетишин адам баласынын башына түшчү кыйын кезең деш чынбы?-деген суроого Огайо университетинин профессору Линни Томпсон:

- Анын чын экенинен күмөн саноо эч болбоо керек. Биз абага кычкыл тектүү газдын аралашышынын артышын карап көрдүк. Ал 1900-жылы 300 бирдикти түзүптүр. Үстүдө жылы ал 380 бирдикке жетти. Жер шарынын 900 миң жылдык тарыхында мындай учур эч жолукпайт, - дейт америкалык профессор. Андан аркы кебинде бир жолку капилеттен болгон иликтөөнү эскерет:

- 2001 жылы 11-сентябрде террордук акт болгондо бардык мамлекеттерге асманда учуп бараткан учактарын жерге кондурууга буйрук берилген. Ошол күнү түш жарымдан түн жарымга дейре жалпы жер жүзүндө абанын орточо жылуулугу демейдегисинен бир градуска ылдыйлады. Стратосферада баратканда учактар чыгаруучу жылуулуктар жоголгонго байланыштуу абанын ысышы азайган. Мындан сырткары азыркы тушта жер жүзүндө 6 миллиард 300 миллион киши жашаарын эстен чыгарып болбойт. Мындай учур да мурда эч убакта болгон эмес, - дейт Огайо университетинин илимпозу.

Экинчи тараптын баамында болсо табыйгатка адам баласынын тийгизер таасири чектелүү. Мындай ойду климатты изилдөөчү Сали Балунас айтат:

- Климат адам баласынын ишмердүүлүгүнөн тышкары эле өз алдынча өзгөрүп турат. Муз доору деген клматтык анамалия болгон кезде азыркы Чикаго орношкон жерде тереңдиги бир жарым чакырым келер мелтиреген көк муз жаткан эле. Климат деген туруктуу нерсе эмес, - дейт илимпоз.

XS
SM
MD
LG