Америкалык командачылыктын билдиришине караганда алардын беш жүзү аскери согуштук аракеттерге катышпаганы аныкталган соң бошотулду. Расмий маалыматтарга караганда Эль-Фаллужадагы кагылышуу учурунда бир миң эки жүздөн ашуун козголоңчу өлтүрүлгөн.Ошол эле учурда 51 америкалык жана 8 ирактык жоокер курман болду. Тынч жашаган элдин канчасы каза тапканы маалымдалган жок.
Америкалык жана ирактык аскерлер Эль Фаллужадагы козголоңчуларга каршы операция учурунда – бир жарым миңге чукул кишини кармады