Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Иран уранды байытуу иштерин токтотот


Иран өкмөтү Евробримдиктин үч мүчөсү менен жетишилген келишимди бекем тутуп, уранды байытууну токтот. Ирандын өзөктүк программасынын башчысы Гулам-Реза Аказаденин билдиришинче, Британия, Франция жана Германияга менен түзүлгөн келишимге жараша, расмий Тегеран уранды байытуу иштери эртең - дүйшөмбү күндөн тартып токтотулат. Тегеранга жакын жашыруун жерде уранды байытуу өтө тездик менен жүрүүдө деген маалыматты Аказеде төгүнгө чыгарды.Мындай билдирүү АКШ президенти Жорж Буш Чилиде өтүп жаткан Азия-Тынч океан регионудагы өлкөлөрдүн саммитинде, Иран ядролук куралдуу болуунун далалатын жасоодо деген кооптонуусун айткандан кийин жасалды.

Жорж Буш Сантягодогу жыйында:
- Себеби, алар Ирандын өзөктүк куралдуу болууга дымагы күч экенине биз жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу ишенишет. Ирандын биздин тынчсыздануубузду укканы өтө маанилүү.

Ал Франция, Германия, жана Британиянын Иранды уранды байытууну токтотууга көндүргөнүн жогору баалады.

XS
SM
MD
LG