Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Анда президенттик шайлоо башталгандан атаандашып келаткан өлкөнүн премьер-министри В.Янукович менен оппозиция башчысы В.Ющенко күч сынашууда. Эки талапкердин тен колдоочулары шайлоодо мыйзам бузуулар бар экенин айтышууда. Оппозиция бийлик өкүлдөрү түрдүү шайлоо участкаларына премьер-министр Янукович үчүн бюллетенm ташатаган адамдарды ташып жүргөнүн атып жатышат. Януковичтин тарапкерлери болсо аларга айрым шайлоо участкаларында бюллетень жок деп бербей коюшканын белгилешүүдө.Эки талапкердин тең колдоочулары Донецк, Полтава облустарында шайлоо үкөктөрүнө жасалма бюллетендерди алдын ала таштап койгондугу тууралуу маалыматтар бар. Черкес облусундагы шайлоо участкаларынын биринде милиционер өлтүрүлүп, Волын облусундагы шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмелери жана бюллетендер салынган темир куту уурдалып кеткен соң бул участоктордо шайлоо убактылуу токтоп калган.. Сумск жана Полтава облустарындагы айрым участкаларга журналисттер киргизилген эмес. Виктор Ющенконун өкүлүнүн билдиришинче 2500 дөн ашуун байкоочу шайлоо участкаларына киргизилбей калган.
31-октябрда өткөн алгачкы айлампада эки талапкер 39 пайыздын тегерегиндеги добуш алып, Ющенко атаандашынан бир аз артыкчылык кылат.

Талапкер Ющенко бүгүн мындай пикрин билдирди:
- Мен өз калкыма бүгүнкү демократиялык сыноодон ийгиликтүү өтүүсүн каалайм. Ар бир улуттун алдында катаал мезгил болоруна мен ишенем. Ар бир улут эркин жана демократиянын шартында жашоо үчүн анын сыноосунан өтүүгө даяр болушу керек. Бүгүн украиндер ушул сыноодон өтүүчү күн.

Президент Кучма бүгүн кабарчылардын суроолорнуна жооп берип жатып:
- Шайлоонун жыйынтыгынын чыгышы райондук жана облустук жетекчилердин документтерди борборго жеткирүүсүнө байланыштуу болот. Бул убакыт өтө ылдам келет деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG