Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Жалалабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Оштогу эки адамдын өмүрүн кыйган жардыруудан кийин облустагы аскер бөлүктөрү менен чегара жана ички иштер, улуттук коопсуздук кызматтары иш аракеттерин күчөтүүгө өттү. Чегарадан өткөн жана ГЭСтердин жанында жүргөн жарандар кылдат текшерилүүдө.

Өткөн айларда Ноокен районунда мектептин өрттөлүшү менен Жалалабадда жардыргыч заттардын кайра-кайра табылышына анча маани берилбегени менен «Өзбекстандын ислам кыймылы» уюмунун Жалалабадда мүчөлөрү жок жана алар тымызын иш- аракеттерди жүргүзгөн жери жок деп эч ким кепил боло албайт. Мындай маалыматты 22-ноябрда облустук бийлик билдирип, жашыруун иштеген диний уюмдардан ар түрдүү окуяларды күтүүгө болоорун эскертти.

XS
SM
MD
LG