Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Египетте Ирак боюнча эларалык конференция өтүп жатат


Курорттук Шарм-эл-Шейх шаарындагы конференцияга АКШнын Ирактагы аскерий операциясын колдогон да, каршы болгон да өлкөлөр катышууда. Бүгүн жыйындын экинчи, соңку иш күнү. Кечээ Египеттин, Иорданиянын, Араб Лигасынын делегаттары тарабынан ирактыктардын түгөл катышуусун кепилдөө үчүн алдыдагы шайлоону мөөнөтүн артка жылдыруу ылайык болмоктугу тууралуу пикирлер айтылды.

Анткен менен маалыматтарга караганда конференцияга келген делегаттардын баары Ирактын өкмөтүнүн шайлоону убагында өткөрүү чечимин колдогон билдирүүгө кол коюшмакчы. Өкмөт шайлоону келерки жылдын 30-январына белгилеген.

XS
SM
MD
LG