Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Украинада нааразылык демонстрациялары улантылары күтүлүүдө


Оппозиция лидери, өлкө президенттигине талапкер Виктор Ющенконун он миңдеген жактоочулары кечээ башкалаа Киевдин Көз карандысыздык аянтына чогулган болчу. Өлкөнүн батышындагы Львов шаарында да көчөгө 20 миңдей адам чыкты. Алар шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары бурмаланды деп эсептешет. Оппозициянын активисттери өткөн түндү Киевдин борбордук көчөлөрүнүн бириндеги чатырларда өткөрүштү. Азырынча шайлоонун эң соңку жыйынтыгы чыгарыла элек, бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын 99%ы саналгандан кийинки маалыматына караганда, премьер-министри Виктор Янукович 49%, ал эми оппозиция лидери Виктор Ющенко 47%дан азыраак добуш топтогон. Жактоочуларын атуулдук баш ийбөө акцияларына чакырган Виктор Ющенко мындай аракет анын жеңиши таанылганча токтобосун билдирди:

- Биз баарыбыз жеңдик. Украинанын эли жеңди. Бул - факт. Мен түрдүү божомолдор жөнүндө айтпайм. Биз элдин эркин тандоосу жөнүндө айтып жатабыз. Биз жеңдик жана чекит.

Башкалаа Киев менен катар өлкөнүн батышындагы Львов, Тернопил, Ивано-Франковск шаардык кеңештери да шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныган жок, алар Виктор Ющенкону жеңүүчү катары жарыялашты.

ЕККУ уюмунун, Европа Кеңешинин байкоочуларынын билдиргенине караганда, шайлоо демократиянын эларалык стандарттарына жооп бербеди. Америкалык делегациянын башчысы, сенатор Ричард Лугар шайлоону бурмалоо боюнча "макулдашылган жана күчтүү кампания" жүргүзүлгөнүн белгиледи. Евросоюз Украинаны шайлоону кайра кароого үндөөдө.

Орусия президенти Владимир Путин болсо Виктор Януковичти жеңиши менен кечээ эле куттуктап койду. В.Янукович өзүнүн телекайрылуусунда калкты улуттук биримдикке чакырды.

XS
SM
MD
LG