Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Аялдарды кордоого каршы күрөш күчөйт


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотуунун улуттук механизмдерин өркүндөтүү» аттуу эки күндүк улуттук форум ишин баштады. Аны аялдар, үй-бүлө жана гендерди өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук кеңештин катчылыгы, БУУнун аялдарды өнүктүрүү фонду, "Сорос-Кыргызстан" фонду жана бейөкмөт уюмдар уюштурду.

Анын негизги максаты - 2002-2004-жылдарда аялдарга кордук көрсөтүүгө каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасын салмактап, бул багытта 2005-2010-жылдарда жасала турган иштердин комплекстүү программасын иштеп чыгуу.

Форумду уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча, жыйын мамлекеттик, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын аракетин бир багытка бурууга жана бири-биринин максат-мүдөөлөрүн билүүгө жардам берүүдө. Форумда айтылган маалыматка караганда, 25-ноябрдан 10-декабрга чейин Кыргызстанда «Тынчтык жана аялдардын саламаттыгы үчүн зомбулукту токтотолу» деген ураан алдында аялдарды кордоого каршы 15 күндүк өнөктүк өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG