Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО БЕЛГИЛЕНГЕН МӨӨНӨТТӨ ӨТКӨРҮҮЛҮГӨ ТИЙИШ


Нарын АЙЫП, Прага 22-23-ноябрда Мисирдин Шарм эл-Шейх шаарында Ирак боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Ага Ирактын кошуна мамлекеттери, дүйнөдө эң өнүккөн жети мамлекет жана Кытай менен Орусиянын, андан тышкары Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги, Араб лигасы жана Ислам конференциясы деп аталган уюмдун өкүлдөрү катышып, Ирактагы шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүүгө макулдашты.

Ирактын убактылуу өкмөтү 21-ноябрда атайын жарыя жасап, парламенттик шайлоо өлкөдө мурда белгиленген мөөнөттө - 30-январда өтө турганын билдирди. Ошол эле күнү Ирактын Динаятчылар ассоциациясы элге кайрылып, шайлоону бойкоттоого чакырды. Дүйшөмбү-шейшемби күнү Мисирде өтө турган конференцияны дагы алар сынга алып, анын өткөрүлүшү Ирактагы америкалык оккупацияны мыйзамдаштырууда деп билдирди.

Ошондуктан конференцияда бир топ кызуу талкуу болду. Араб лигасы менен Мисир жана Йорданиянын өкүлдөрү 22-ноябрда шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштады. Франция болсо ирактык оппозицияны дагы конференцияга чакырыш керек болчу деген сын айтты. Анткен менен ошол эле 22-ноябрда жыйындын бирдиктүү коммюникеси иштелип чыгып, эртеси ал конференцияда окулду.

Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари болсо Түркия менен Иранга кайрылып, чет өлкөлүк согушкерлердин Иракка өтпөсү үчүн чек араны жакшы кайтарууга чакырды.

Коммюнике 14 беренеден турат. Анда - Бириккен Улуттар уюму шайлоонун белгиленген мөөнөттө өтүшү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүш керек, Ирак эгемендүү мамлекет жана өлкөнүн туруктуу конституциясы 2005-жылдын аягына чейин иштелип чыгууга тийиш деп айтылат. Анткен менен Иракта азыр өкмөт менен коалициялык күчтөргө каршы согушуп жаткан лашкерлерди сындаган сөздөр алынып салынды.

Жыйындын экинчи күнүндө бир топ талаш-тартыш болду. Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Абул Гейт Жакынкы Чыгыш маселесине кеңири токтолду. Анын айтымында, Палестина менен Израил ортосундагы чатак жөнгө салынмайынча Ирак маселесин дагы, дүйнөлүк бир топ башка проблемаларды дагы азыр толук чечүү мүмкүн эмес.

Франциянын тышкы иштер министри Мишел Барньенин айтымында болсо америкалык аскерлер Ирактан качан чыгып кетүүгө тийиш деген маселе дагы каралып, анын так мөөнөтү азыртан аныкталыш керек. "Бириккен Улуттардын июлда кабыл алган чечимине ылайык, - деди Барнье, - америкалык аскерлер Иракта 2005-жылдын 31-декабрынан кеч калбаш керек".

Анткен менен бул тууралуу сөздөр дагы коммюникеге киргизилген жок. Ирак өкмөтүнө болсо оппозиция менен кызматташып, аларды шайлоого катышууга көндүрүш керек деген сунуш айтылды.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлүш керек деп билдирди:

-Шайлоону январда өткөрүү - Ирак маселесин чечүүдөгү негизги шарттардын бири. Шайлоону өлкөнүн көз карандысыз комиссиясы уюштуруп өткөрүүгө тийиш жана Бириккен Улуттар ага кеңеш берип жардамдашат. Шайлоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү дагы өтө маанилүү маселе.

Аннандын сунушуна жыйынга катышкан 21 министрдин көпчүлүгү кошулду. Анткен менен өлкөдөн былтыр чыгарылып кеткен Бириккен Улуттардын кызматкерлери Иракка толук кайтып келе элек жана коопсуздук жагдайы дагы азыр өлкөдө өтө опурталдуу.

Шайлоону бойкоттого чакырган Динаятчыдар асоцияциясынын мүчөсү шейх Галиб ал-Зухейр 23-ноябрда эртең менен Бакуба шаарында атып өлтүрүлдү. 22-ноябрда болсо Мосул шаарында дагы бир белгилүү динаятчы, Ассоциациянын басма сөз өкүлүнүн бир тууганы шейх Фейди Мухаммед ал-Фейди белгисиз адамдардын колунан ажал тапкан.

XS
SM
MD
LG