Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

КАРЫЗ ЧОКОЙ, ЭНЕРГЕТИКА КРИЗИСИ, «БҮГҮН ТУРСУНБЕК АКУН, ЭРТЕҢ КИМ?..»


23-ноябрда жарык көргөн “Агым” гезитинде журналист Алым Токтомушевдин Кытайга берилген Үзөңгүкууш, канадалыктарга сатылган Кумтөр жана менчиктештириле турган энергетика тармагы тууралуу макаласы жарыяланды. Ал эми “Аалам” гезити дайынсыз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акун тууралуу ой-пикирлерге орун берди.

23-ноябрда жарык көргөн "Агымда" журналист Алым Токтомушев “түбөлүк достуктун” урматына Кытайга табак ордуна тартылган Үзөңгүкууш, дүйнөдөгү 10 алтын кендин бири делген Кумтөрдүн канадалыктарга арзыбаган баада сатылышы жана башка кант, цемент заводдорунун, көмүр кендеринин менчиктештирилиши тууралуу “Жолбүгүн” рубрикасында баяндады.

“Кыргызстанда курулган өзүн-өзү жемей система өзүңдү өзүң акырына чейин жеп бүтмөйүнчө, кыязы ушундай болот” деп жазды журналист Алым Токтомушев.

“Кыскасы, чокуда илинген карыз чокой кыргыз бийлигин ушинтип ойго, тоого урунтуп, мамлекет коопсуздугуна коркунуч келтире баштаганы көзкөрүнөө” дейт Алым мырза.

“Казак тили” коомунун 4-курултайына катышып келген “Кыргыз тили” коомунун президентинин милдетин аткаруучу Нурлан Кыдыршаев: “казак тилине мамлекеттик камкордук көрүлүп жатканы, мугалимдери 18-20 миң теңге айлык алышаары, аларда эне тилиндеги окуу китептери жетиштүү чыгып жаткандыгын” кабарчы Жолдошбек Зарлыкбековго кеңири айтып берген.

Ушул эле «Агымда» дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- «Жан-дүйнө, өлүм-өмүр» тууралуу суроолорго окурмандар «Каалга» рубрикасында жооп беришти. «Агым» гезити 3 жашка чыккандыгына байланыштуу басылманын кожоюну Мелис Эшимканов тууралуу окурмандардын ой-пикирлери, «Дүйнө-бир бүркүм» кабарлары, өлкөнүн туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүковдун бейнесине арналган «Сен жөнүндө сегиз сап» рубрикасы, 80 жаштагы Төрөкан апага Манас атанын арбагынын аян бериши, эстрада ырчысы Нуриса Абазованын чыгармачылыгы тууралуу макалалар жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” гезитинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев өлкөдөгү электр тармагы башкаруу кризисине батканын, бул тармакты менчикке берүү экономикалык өнүгүүгө каршы тураарын, энергетиканы коррупция басып, башаламандык, талап-тоноочулук, уурдоо кыл чокусуна жеткенин сынга алган.

“Электр тармагында реформа башталганда “Кыргызэнергонун” жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев эмес беле. Ал киши менчиктештирүүгө каршы чыгып сүйлөп койду эле, дароо кызматтан алып коюшкан”, дейт депутат Орозбек Дүйшеев.

«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын жооптуу катчысы Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- «Бүгүн Турсунбек Акун, эртең ким?» деген макала жарык көрдү. Мында белгилүү журналисттердин, саясатчылардын коопсуздугун сактоо боюнча кошуун тузүү демилгеси көтөрүлүп жатат. "Кереге кеңеш Таласта" деген макалага орун берилди. Таласта мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы тууралуу ой-пикирлер айтылган. Балыкчы шаарына манасчы Саякбай Каралаевдин атын берүү жөнүндөгү окурмандардын сунуштары жарык көрдү.

22-ноябрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында Ош шаарындагы жардыруу, өлкөнүн коопсуздук кызматынын мааракеси, президент Аскар Акаевдин Германиядагы ырасмий сапары жана жаңы жылда Пакистанга бараары тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан белгилүү кино актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун бейнесин журналист Анастасия Карелина ачып берген.

23-ноябрда басылган “Дил ордосу” жумалыгында Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери Жыпар Жекшеевдин АКШдагы сапары, өлкөнүн президенттинине талапкерлер делген Алмаз Атамбаев менен Ишенбай Кадырбековдун ишмердүүлүгү, дайынсыз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акун, Оштогу жардыруу тууралуу макалалар чыкты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG