Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Гаага трибуналынын баш прокурору Сербияны жана Черногорияны кескин сынга алды


Карла Дел Понте Сербия жана Черногориянын бийликтерин согуш кылмышкерлери деп шектелген адамдарды кармоо боюнча чара көрбөй жатканы үчүн сынга алды. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн учурунда белгилегендей, ырасмий Белграддын качып жүргөн шектүү кылмышкерлердин өз эрки менен багынып берүүсүн күтүү саясаты эларалык мыйзамдарга каршы келет:

-Мындай саясат азырынча эч кандай натыйжа берген жок жана бул өлкөнүн эларалык милдеттемелерине, Коопсуздук кеңешинин бир катар резолюцияларына каршы келет. Сербиянын өкмөтү өзүнүн эл аралык милдеттемелерин билип туруп эле жерүүдө.

Карла Дел Понтенин айтымында Хорватия, Босния жана Српска республикасынан да трибунал менен жакшыраак кызматташтык талап кылынат.

XS
SM
MD
LG