Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Леонид Кучма саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө үндөдү


Ал оппозициянын президенттик шайлоодон улам өтүп жаткан массалык демонстрацияларын "саясий фарс" деп атады. Бийлик эч качан күч колдонуунун демилгечиси болбосун, бирок мыйзамды жана тартипти сактоого даяр экенин белгиледи. Л.Кучманын шайлоодон кийинки кризисти чечүү үчүн саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырган билдирүүсү кечээ кечинде мамлекеттик телекөрсөтүүнүн диктору тарабынан окулду.

Мунун соңунан оппозиция лидерлеринин бири Юлия Тимошенконун билдиргенине караганда, алар президент Кучманын сүйлөшүү уюштурушуна макул. Мындай сүйлөшүү бүгүн өтөрү күтүлүүдө. Оппозициянын президенттикке талапкери Виктор Ющенко кечээ парламент сессиясында президент катары символикалуу ант берген эле. Ал антты окуган соң мындай деди:

-Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн бурмалоо элдин чыныгы тандоосун таануунун мөөнөтүн гана токтотуп койду. Бул тандоо бүгүн парламентте жарыяланды жана мен Библияны кармап ант бердим.

Кечээ Киевде Ющенконун 200 миңдей жактоочулары көчөгө чыгышты. Алардын бир нече миңи кечке жуук президенттик кеңсенин жанына келишкен эле. Бул жерде демонстранттардын жолун тоскон милициянын атайын бөлүктөрү менен кандайдыр бир кагылушуулар орун алганы жөнүндө маалымат түшкөн жок.

Украинанын мамлекеттик телкөрсөтүүсү Киевдеги кечээги окуяларды көргөз жок жана муну цензура деп эсептеген ондогон журналисттер кызматтан чегиништи. Азырынча шайлоонун ырасмий жыйынтыгы чыга элек. Бирок БШКнын добуштардын дээрлик бары саналгандан кийинки маалыматына караганда, премьер-министр Виктор Янукович оппозиция лидери Виктор Ющенкодон 3%га жакын алдыда.

В.Ющенко жана анын жактоочулары добуштар бурмаланды деп эсептешет. БШКнын эки мүчөсү калган 13 кесиптешин шайлоонун жыйынтыгын бекитпөөгө үндөштү.

XS
SM
MD
LG