Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Париж шаарында жайгашкан "Гезиттердин дүйнөлүк ассоциациясы" 22-ноябрда дүйнөдөгү басма сөз эркиндигине арналган атайын доклад жарыялады. Анда негизинен акыркы алты айда болгон окуялар тууралуу сөз болот жана үстүбүздөгү жылдын он айында дүйнөдө былтыр бүткүл 12 айдагыга караганда көп журналист өлгөнү жөнүндө айтылат.

"Гезиттер дүйнөлүк ассоциациясы" жарыялаган отчетто негизинен үстүбүздөгү жылдын июнунан ноябрга чейинки окуялар камтылган, бирок бир топ жалпы маалымат да берилген. Мисал үчүн 2002-жылы кызматын өтөп жаткан кезде дүйнөдө бардыгы болуп 46 журналист өлгөн болсо, былтыр бул сан элүү үчкө чейин жогорулаган. Быйыл болсо жыл бүтө элек жатса дагы өлгөн журналисттердин саны алтымыш үчкө жетти, алардын жарымынан көбү - 35 адам - июндан ноябрга чейин өлдү.

Ассоциациянын айтымында, журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр деп Филиппин менен Иракты аташ керек., Филиппинде акыркы алты айдын ичинде сегиз, ал эми Иракта жети журналист курман болду. 2003-жылдын март айында АКШ Иракка каршы согуш ачкандан бери өлкөдө бардыгы болуп 35 журналист окко учту, алардын жарымынан көбү - жергиликтүү жарандар. Андан тышкары дагы 11 адам - айдоочулар же котормочулар - журналисттерге жардам берип жүргөн кезде набыт кеткен.

Ассоциациянын басма сөз эркиндиги боюнча редактору Кейза Торнроттун айтымында, журналисттердин өлүмүнө коомчулук көнүп баратат жана андай өлүм үчүн эч кандай жаза болбогону адатка айланып кетти:

-Мындай кылмыштар биздин күндөлүк турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып баратат, мындан 10 жыл мурдагыга салыштырганда, мындай кылмыштарга бийликтин көңүлүн буруу азыр алда канча татаал. Менин оюмча, журналисттерге кол салган адамдар - аларга эч кандай жаза болбой турганын түшүндү жана өз аракеттерин ошого жараша жүргүзүүдө. Жагдай акыркы мезгилде өзгөчө начарлады жана биз азыр өтө оор абалга такалдык.

Ассоциациянын айтымында, акыркы айларда АКШдагы абал дагы бир кыйла начарлады. Мисал үчүн октябрда америкалык эки журналист эркинен ажыратылууга кесилди, анткени алар жазган макалалардагы маалымат кайсы булактан алынганын алар ачыкка чыгаруудан баш тарткан. Ошол эле октябрда дагы беш башка журналист ошондой эле күнөө менен айып төлөөгө кесилген.

Мурдагы советтик жумурияттарда болсо абал дагы эле оор жана Ассоциция Өзбекстан, Беларус, Орусия жана Казакстанды өзгөчө белгилейт. Беларуста өткөрүлгөн референдум алдында 5-октябрда "Неделя" деген гезит үч айга жабылды жана анын эч себеби жарыяланган жок. Акыркы үч айдын ичинде өлкөдө бардыгы болуп беш гезит же журнал жабылды, президент Александр Лукашенко болсо маалымат каражаттарын - кеңири кыруучу курал менен салыштырат.

Орусияда "Форбс" журналынын орусча чыгарылышынын башкы редактору Пол Хлебников 9-июлда Маскөөдө атып өлтүрүлдү, андан көп узабай Пэйл Пелоян деген журналисттин денеси дагы табылды, анын көкүрөгүнө бычак сайылган. 1-3-сентябрда Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымта трагедиясы учурунда болсо орус бийлиги эки белгилүү журналист - Анна Политковская жана Андрей Бабицкийге Бесланга жетүүгө тоскоолдук түзгөн жана Политковская ууктурулуп, доктурлар анын өмүрүн араң сактап калган.

Казакстанда 19-сентябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо учурунда журналисттердин укуктары бузулган кыркка жакын окуя катталган. Кошуна Өзбекстанда болсо декабрдагы шайлоо алдында азыр басма сөзгө карата мамиле өтө катуу.

Сентябрда Ташкенде "Интерньюс" деген эларалык уюмдун кеңсеси алты айга жабылды, анын алдында болсо Сорос фондунун ишмердүүлүгү да токтотулган. Анткен менен мурда камакка алынган Руслан Шарипов аттуу журналист эларалык коомчулуктун басымы астында июнда тымызын түрдө бошотулду жана 21-октябрда АКШга көчүп кетти.
XS
SM
MD
LG