Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Украинада президенттик шайлоого байланыштуу массалык акциялар өтүп жатат


Бүгүн президенттикке талапкер В.Ющенко парламенттин кезексиз сессиясынын соңунда символикалуу түрдө ант берди. Депутаттар кезексиз сессиясында оппозициячылардын президенттик шайлоонун ырасми жыйынтыктарын негизсиз деп жарыялоо талабын талкуулашты, бирок парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү жыйынга келбей койгондуктан кворум болгон жок.

Анын алдында Киевдеги борбордук аянтта оппозициячыл талапкер Виктор Ющенкого колдоо билдирип, 100 миңдей адам катышкан митинг өттү, алардын көбү азыр да парламенттин сыртында турушат.

Ющенко парламенттен шайлоо комиссиясынын премьер-министр В.Янукович жеңди деген чечимин жокко чыгарууну күтөөрүн билдирди. Шайлоо комиссиясынын В.Янукович атаандашынан 2,68% көбүрөөк добуш алды деген ырасми жыйынтыктарын бир нече украин шаарлары тааныбай, В.Юшенкону өз президенти деп жарыялашты.

Шайлоого байкоочулук кылган европалык жана америкалык делегациялар добуштар бурмаланганын ырасташты. Парламенттин спикери В.Литвин чукул сессияны президент Л.Кучма өз сөзүн айтышы керек деп жыйынтыктады.

XS
SM
MD
LG