Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

ӨКМӨТ ДЕПУТАТТАРДЫН ЧЕЧИМДЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАРАДЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Жогорку Кеңештин эки палатасы быйыл жыл ичинде өкмөттү аткарууга милдеттендирген миңге жакын токтомдорду, протоколдук тапшырмаларды, сураныч жана сунуштарды кабыл алган болчу. Шаршембиде өкмөт өзүнүн кезектеги отурумун өткөрүп, алардын аткарылышын карады.

Бул маселе жөнүндө маалымат берген өкмөт башчынын Эл өкүлдөр жыйынындагы өкүлү Бектемир Кожоевдин айтуусу боюнча депутаттардын токтомдорун, тапшырмаларын, сураныч-сунуштарын эсепке алуу жана аткаруу иштери жолго коюла баштады. Ал бул маселе өкмөттүн отурумунда 2 жолу, селектордук кеңешмелерде бир нече жолу каралгандыгын билдирди:

-Жыл башынан бери 937 сунуш айтылган. Ошонун 682 аткарылды. Башкача айтканда 73% орундалды.

Бектемир Кожоевдин айтымында, калган 27% же мөөнөтү келе элек же каражаттын жетишсиздигине байланыштуу акырындап аткарылуучу сунуштар.

Өкмөт башчы дароо аткарууга мүмкүн эмес маселелердин аткаруу мөөнөтүн аныктап, бул тууралуу депутаттарга өз убагында маалымат берип туруу зарыл экендигин эскертти.

Ал депутаттар көтөргөн маселелер министликтердин коллегияларында каралып, аларга жоопту орун басарлар эмес, министрлер өздөрү бериш керек экендигин айтты. Өкмөт өз отурумунда депутаттардын маселелерин өз убагында чечпеген чиновниктер жаза алат деген токтом кабыл алды.

Депутаттар быйыл өкмөттү аткарууга милдеттендирген 313 токтом да кабыл алышкан болчу. Эң оор маселе ушул токтомдор болуп чыкты.

Өкмөт жыйынында Эл өкүлдөр жыйынын «Кыргызтелеком», «Дастан» жана «Чакан ГЭС» тууралуу кабыл алган чечимдери тууралуу көп сөз болду. Аталган палата жакында болуп өткөн өзүнүн сессиясында «Кыргызтелекомду» сатуу боюнча өкмөт өткөргөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Бул маселе боюнча маалымат берген Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбеков аталган палата андай чечим кабыл алганы менен, Мыйзам чыгаруу жыйыны ага макул экендигин айтып, «Кыргызтелекомду» сатуу иштерин улантуу туура болот деген пикирин билдирди:

-Үч мыйзам бири бирине карама-каршы келип калды. Мындай учурда мыйзам иштей берет. Мурдагы сатылсын деген мыйзамдын негизинде биз иштей беребиз,-деди Равшан Жээнбеков бул тууралуу бизге.

Өкмөт башчынын айтуусуна караганда, президент жакында Германияга барганда Германиянын канцлери Герхард Шрөдерден бул маселени оң чечип берүүнү суранган. Николай Танаев депутаттардын мындай чечим кабыл алуусу аларга маалыматтын жетишпестигинен болуп жатат деп, өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин комитеттери менен тыгыз иштөөгө чакырды. Ал тендерди өткөрүүдө ачыктык жетишпей жаткандыгын кошумчалады:

-Кыргызтелекомду» сатып жаткандан кийин ал баардыгына ачык болууга тийиш. Негиздеме да талапка жооп бергидей болуш керек болчу.

Николай Танаев өзүнүн сөзүндө «Дастан» акционердик коомунун акцияларын орусиялык компанияга өткөрүп берүү тууралуу Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган чечим да туура эмес экендигин белгиледи. Ал Орусия менен түзүлгөн аскер-техникалык келишимге ылайык «Дастан» өңдүү курал-жарак чыгарган ишканаларды кимге берүү керек экендигин Орусиянын өкмөтү дайындаган оператор чечерин билдирди.

Өкмөт жыйынында айтылган сөздөргө караганда, ал өзүнүн «Кыргызтелеком», «Дастан», жана «Чакан ГЭС» боюнча чыгарган чечимдерин ишке ашырууну улантат өңдүү.

Эл өкүлдөр жыйыны аталган ишканалар боюнча чечим кабыл алганда, аны палатанын кароосуна Өнөр жайынын жана ишкерликтин стратегиялык өнүгүүсү комитети алып чыккан. Комитеттин жетекчиси Жаныш Рүстөнбековго кайрылганыбызда, ал тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар болгондугун, өкмөт мыйзамды сыйласа өз чечимин жокко чыгарууга тийиш экендигин айтты. Ал ошондой эле депутаттардын койгон маселелери өкмөт тарабынан жакшы чечилип жатат деген пикирге кошулбайт:

-Биздин эле комитет 16 токтом кабыл алган. Ошол 16 токтомдун бирөөнү да аткарышкан жок.

XS
SM
MD
LG