Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Оштогу «Текстильщик» ишканасы ишке кайрадан киришти


ОШ. Бир жылдан бери иштебей токтоп турган Оштогу «Текстилчи» ачык типтеги акционердик коому аны сатып алган жаңы кожоюн жетекчилердин аракети менен алгачкы продукцияларын чыгара баштады. Бирок азырынча токуу жана ийрүү өндүрүштөрү гана ишке киргизилген. Жаңы кожоюн Стамакун Асаналиев бул ирет иш 50 тонна пахта сатып алуу менен башталганын белгиледи. Декабрдын соңунда 100 тонна пахта менен камсыз болушат. Азырынча 550 адам эмгектенүүсү белгиленсе, жаңы жылдан тарта бир жарым миң киши эмгектениши мүмкүн. Эң чоң проблема кадрлардын жетишсиздиги жана ошондой эле, жабдууларды алмаштыруу дагы кечиктирилгис милдеттерден экендигин Стамакун Асаналиев өзгөчө баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG