Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Салык тармагында коррупцияга каршы күрөш аксап жатат


БИШКЕК. Салык тармагынын коррупцияланышына салык төлөөчүлөр да кошумча болууда. Алар салык тууралуу мыйзамды толук билбегендиктен, мыйзамдуулукту сактабагандыктан салык төлөмдөрүн убагында төлөөдөн баш тартып, салык кызматкерлерине пара берген фактылар кездешүүдө. Ошондой эле аталган тармактын кызматкерлеринин айлык акыларынын аздыгынан салык департаментинин айрым кызматкерлери мыйзамсыз акча алууга барууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн “Салык тармагында коррупциянын тамырын кыркуу” деген аталыштагы "тегерек үстөл" жыйынында айтылды. Жыйында Салык департаментинин айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы тууралуу үстүртөн айтылганы менен толук, так маалыматтар берилген жок.

Кирешелер комитети тарабынан “2007-жылга чейин салык тармагында коррупцияны жоюу” багытында кабыл алынган программа боюнча иш-чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG