Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Т.Акун дагы эле табыла элек


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун дайыны дагы эле белгисиз. Анын жубайы, балдары, атасы жана Элдик-патриоттук кыймыл баштаган жактоочулары бүгүн да өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Бул күнү алар шейшемби күндөгүдөй Ак үйдүн батыш тарабына турушкан жок. Ал жакка барчу жолду таң эртеңден баштап 50дөй милиционер тосуп өткөрбөй коюшту. Пикетчилер бул күнү да бийликтен Турсунбек Акунду таап беришин талап кылышты.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын орун басары Токон Мамытов маалымат жыйынынын өткөрүп, Турсунбек Акундун жоголушуна коопсуздук кызматынын эч кандай тиешеси жок экендигин дагы бир жолу билдирди.

Буга чейин «Аалам» гезити укук коргоочунун күтүүсүздөн дайынсыз жоголушу сталиндик репрессия мезгилине окшош экендигин белгилеп, ушундай жол менен жоголуп кетиши мүмкүн деп Кыргызстанда аты белгилүү 31 адамдын тизмесин жарыялады.

XS
SM
MD
LG