Аялдарды экинчи сорттогу адам деп эсептегендер жалаң эркектер болсо гана! Айрыкча жаңы келген келинди бура бастырбай жүдөткөн бүлөлөр сейрек эмес.
Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташттык агенттиги Борбор Азияда башка долбоорлор менен катар аялдарга каршы зордукчулукту азайтуу жаатында иш жүргүзөт. Шахригул Миржанова - бул долбоордун Тажикстандагы өкүлү. Ал кайненеси гана эмес, кайнеже, кайынсиңдилери да жаш келинди кодулап, кор тутушаарын белгилейт. Миржанованын айтымында, жаңы бүлөдө өз ордун табалбай ансыз да кыйналып, керээли-кечке үй-тирлигинен жаны тынбаган келин кайындарынын кагып-силкен суук-селки мамилесине чыдабай өз жанын кыйган көп учурлар катталган.
Ал эми Өзбекстандагы "Найот" деген бейөкмөт уюм үстүбүздөгү жылдын башында орун алган бул окуяны ачыкка чыгарды. Жаш келинди кайненеси ала жипти аттадың деп каралап, уруп-сабап, көчөгө кууп салган.
Мына ушундай оор тагдырга туш келген кыз-келиндерге көмөк көрсөтүүнү максат кылган уюмдардын бири – Казакстандагы "Камкорлук" деген кризистик борбор. Бул уюм 1990-жылдардын этегинен тартып 19 борборду иштетет. "Камкорлуктун" директору Зухра Турганбай уюм түзүлгөндөн бери 10 миң аял жардам сурап кайрылганын билдирип, буларды кошумчалады:
- Аялдар бизге уруп-сабоодон запкы тартканда же психологиялык жана экономикалык кодулоодон улам кайрылышат.
"Камкорлуктун" борборлорунда психологдор жана адвокаттар иштешет, бирок мындай уюмдар аялдарды кодулоодон арылтуу менен гана чектелбестен, үй-бүлөнү сактап калууга да басым жасашат:
- Бизге 10 миң аял келди, алардын ичинен 400ү гана биздин укук коргоочулардын кызматынан пайдаланды. Биздин максат - үй-бүлөнү сактап калуу.
Зордук-зомбулук бул - үй-бүлөнүн ички маселеси деп эсептегендер Эларалык мунапыс уюмунун иликтөөсүнөн улам чынында эле мындан да көп киши запкы тартаарына көзү жетет. 24-ноябрда жарыялаган отчетунда Эларалык мунапыс уюму "ВИЧ/СПИД илдетинин жайылышы менен сексуалдык зомбулук тыгыз байланышта турат, эгер бул илдет менен күрөшөөрү чын болсо, өкмөттөр бүт дүйнөдө таркаган аялдарга каршы зомбулук деген эпидемия менен да күрөшүүгө тийиш" деп эскертти.
15-декабрга чейин созула турган гендерлик зомбулукка каршы өнөктүк Борбор Азия калктарынын арасында бул проблемага коомчулуктун көңүлүн буруп, аялдарга каршы жасалуучу терс мамилелерге карата калыптанган пикирди өзгөртүү максатын көздөйт.