Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу апта соңундагы кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында козголду. Президент А.Акаевди кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүп кол топтой баштаган укук коргоочунун кайда экендиги белгисиз.
Жума күнкү «Аалам» гезитинде Турсунбек Акундун жоголушу тууралуу кеңири материалдар топтому жарыяланууда. Ушул эле басылмада «Улут ордо» коомдук бирикмесинин Талас облусунун жетекчиси Искендер Айдаралиевге ачык катына да орун берилген. Кат ээлери тынч жөрөлгө жасаш үчүн чогулган элди эмнеликтен жергиликтүү бийлик «Манас ордо» улуттук-маданий комплексине киргизбей коюу аракетин жасашынын себеп-жөнүн билүүгө кызыгышкан.
Жума күнкү «МСН» гезитинде депутат Дооронбек Садырбаевдин «Ийе, биз азиялыкпыз, ата-жотосун унуткан Иван эмеспиз» деген макаласы чыгууда. Парламент мүчөсү кызматтык милдетин чет өлкөдө аткарып келген элчилерди шайлоого катыштырбай койгон депутаттардын аракетин сынга алат.
Айтса, ушул эле темага бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити да кайрылган. Анда биртоп белгилүү коомдук-саясий ишмерлер Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде иштеп келгендер шайлоого талапкер катары катышуу укугунан ажыратылышы Конституцияга кайчы келери айтылган.
Журналист Вячеслав Тимирбаев турмуш азыркы бийликтин догмаларын четке кагып, өкмөттүн көңүлток билдирүүлөрү кагазда калып жатканын баяндайт. Басылманын жаңы санында Замир Өсөровдун «Үмүт арткандарыбыз кимдер?» деген макаласы да жарыяланууда.
«Вечерний Бишкек» гезитинин 25-ноябрдагы санында Кыргызстанды жасалма спирт ичимдиктери басып кеткени баяндалган. Күч кызматы спирт агымына каршы туралбай, калкты жасалма арак менен ууландыруу улантылып жатат, деп бүтүм чыгарат гезит кабарчысы Любовь Борисенко.
«Агым» гезитинин жаңы санында укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна арналган материалдар жарыяланууда. Сөз басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовада:
- Жогорку Кеңеш депутаттарынын өкмөткө берген сын, сунуш, көрсөтмөлөрүнүн аткарылыш абалы, «Кыргызгаз», «Айнек» акционердик коомдорунун чыры, жакында Ошто болуп өткөн жардыруунун чын-төгүнү тууралуу макалалар басылууда. «Жаңы Ордо» гезитинин редактору Нурланбек Шакиев менен маек, Жантөрө Сатыбалдиевдин Бишкек-Ош жолу, энергетика, трайбализм тууралуу пикирине орун берилүүдө. Аалы Токомбаевдин 100 жылдыгына карата кызы Тамара Токомбаеванын эскерүү маеги жарыяланууда. Кыргыз киночулары жоготуп ийген 90 миң доллар акчанын чырын баяндаган макала чыкты.
«Кыргыз руху» гезитинде жарыяланган материалдар тууралуу басылманын редактору Болотбек Таштаналиев айтып бермекчи:
-«Кайырчылардын өңү кыргыздашып баратабы?» деген учурдун актуалдуу проблемасын козгогон баш макала чыгууда. «Шоро» компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев, «Дордой-Жунхай» базарынын жетекчиси Ж.Салымбеков жана башка ишкерлер менен болгон маектер жарыяланууда.
Эмки кеп кезеги «Бишкек таймс» гезитинин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момуновдо:
- Турсунбек Акун кайда жоголгону тууралуу кандай ойдо экенин сурап биртоп белгилүү саясатчыларга кайрылганбыз. «Экс-элчилер «крит» болгон жокпу?», ошондой эле жакырлардын жолун тоскон жалкоо акимдер тууралуу макала жарыяланды. Миграция тууралуу департамент жетекчисинин орунбасары Булат Сарыгулов кеңири маек куруп берген.