Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ: «ТОЙДО ЫРДАГАНДЫ ЖАКШЫ ЭЛЕ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ »


Расул Маматкулов аткарган "Кыргызымдын сулуу кыздары" деген ырды көпчүлүк жаштар жактырышат. Мына ушул ыр туурасында Расул Маматкуловдун өзү айтып берет.

Раcул Маматкулов:

-Мен бул ырды үч жыл мурун жазгам. Башка ырчылар "Нарындык кыз", "Көлдүк кыз" деп ырдашса, мен жалпы кыргыз кыздарына арнап чыгаргам.

-Кайсы обончулар менен иштешесиз?

-Апаз Жайнаков менен иштешем. Экөөбүз институтта да чогуу окуганбыз. Студент кезде эле анын бир ырын жактырып ырдап, гран-прини жеңип алгам. Ошондой эле Болот Токтобаевдын да ырларын ырдайм.

-Чыгармачылыктан тышкары дагы эмне менен алектенип жатасыз?

-Бейшембиден жекшембиге чейин тойлордо ырдайм. Көпчүлүк ырчылар "сен сахнага чыкпай эле, тойлордо ырдап калдың" деп айтышат. Мен бул нерсени жакшы эле деп эсептейм, анткени элибиздин жакшылыктарында ырдабаган ырчы ырчы эмес да.

-Учурда көпчүлүк ырчылар жанына бир кызды жандатып ырдап жатыщат, а сиз андай жолго эмнеге түшкөн жоксуз?

-Бир ырчы кызды чыгарыш үчүн ага жоопкерчиликти алыш керек. Анын кийимдерин тиктирип бериш керек, ырларын жаздырып бериш керек. Менин ага убактым жок. Анын үстүнө өзүмдүн кызым жанымда бийлеп, коштоп турат.

-Алдыда ырдала турган жаңы ырларыңыз кандай темада болот?

-Патриоттук темада "Атамекен" деген ыр жаздым, ошондой эле ата-энеме арнап ыр чыгардым.

-Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

-Келинчегим, үч балам бар. Улуусу Жанна, экинчиси Айгерим - бийчи, кенжебиз Руслан спортко кызыгат.
XS
SM
MD
LG