Жүзүнөн балалык байоолуктун илеби кете элек 12 жаштагы Рахима Ооганстандын Кундуз шаарында жашайт. Жакында ал мектептен үйүнө кайтып келе жатып, жолдо белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Рахиманын ага чейинки бейкапар жашоосу ошону менен чырт үзүлүп, атасынан улуу киши аны күчтөп токолдукка алып, 18 күн бою зордук-зомбулуктан башы чыкпай үй-камакта отурган.
3 жумадан кийин анын тагдырын угуп-билип калган полиция органдары жаш кызды туткундан бошотуп, аны ала качып кеткен кишини абакка отургузушту. "Азаттыктын" кабарчысына Рахима окуяны мындайча айтып берген:
- Күндүз саат 12 жарымдарда мектептен чыгып, үйгө келе жаткам. Анан алдыман бир бейтааныш эркек киши чыга калып, көтөрүп барып, айнектери кызыл картон менен жабылган машинеге алып барып салды. Алар абдан зөөкүр немелер экен, менин жашоомду астын-үстүн кылышты.
Рахима окуган мектептен быйыл дагы бир кыз зордоп ала качууга туш болгон, дагы үчөө уурдалып кетип, кийин өлүгү табылган. Бул окуялардын баарын иликтөөгө катышкан Кундуз шаардык коопсуздук полициясынын башчысы Абдулматеб Байг буларды билдирди:
- Рахиманы ала качкан киши аны Пуляхумри шаарындагы туугандарыныкына алып барып каткан экен. Биз аны колго түшүрдүк. Ал кызды уурдаганга коопсуздук кызматкерлери жардам бергенин айтып берди. Окуяга катышкан дагы эки кишини абакка отургуздук. Азыр алардын баары түрмөдө, - деди жергиликтүү полиция башчысы.
Ооган президенти Хамид Карзай жаш балдарды уурдагандардын укуругун кыскартыш үчүн ушул жайда өспүрүмдөрдү өмүрүнөн ажыраткан адамдарды өлүмгө кесүү жөнүндө жардыгын жарыялаган. Ал жардыкка ылайык уурдалган балдар-кыздардын саламаттыгына зыян келтиргендер 25 жылдан узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы керек.
Бирок ал жардыкта айтылгандардын баары турмушка ашырылаары күмөндүү, анткени Ооганстанда жаш кызды ала качкан 3 киши ушул жайда өлкө тарыхында эң алгачкы ирет сот жообуна тартылып, алардын экөө беш жылга, үчүнчүсү төрт жылга түрмөгө кесилишти. Байкоочулар кантсе да мындай окуяларды караштырууда ооган коомунда калыптанып калган салттуу көз караш, уруучулдук, тууган-тааныштык катыштар үстөмдүк кыларын айтышат.
Дал ошондой эски үрп-адаттардын кесепетинен зордоп ала качууга туш болуп, 12 жашында 50дөн ашкан кишиге үч жума бою кадимкидей аялы болуп берген Рахима азыр үйүнө бара албай, Кундуз шаарынын аксакалдар кеңеши таап берген башка бир кишинин үйүндө баш калкалап отурат. Анткени ал үйүнө кайтып барса элдик салтты бузуп, күйөөңдүн босогосун кайра аттадың, аны түрмөгө отургуздуң деп өлтүрүп салат деп кыз өзүнүн жакын туугандарынан чочулайт.
Кудалаган жерге барбай койгон, күйөөсү менен ажырашкысы келген, эркек киши менен жолугушуп-сүйлөшкөн же ушул Рахимага окшоп зордуктоого туш болгон кыз-келиндерди Ооганстанда өзүлөрүнүн туугандары жазалап, атүгүл жантаслим кылып койгон учурлар көп кездешет. Рахима болсо дагы эле өз башынан өткөндү түшүнө албай башы маң:
-Ал менин турмушумду бузду. Эгерде мен күйөөгө тийгим келсе жаш жигитке чыгат элем да. Кантип ушундай атамдан улуу киши менен жакын мамиледе боло алам?-деп суроо коёт ал.
Аксакалдар кеңешинин чечими боюнча Рахиманы ушу тапта өз үйүндө жашатып кайтарып жаткан Хаджи Эдемберди эски көз караш, коомдук мамилелерден арыла элек Ооганстанда жаш кыздарды ала качууга тыюу салуу кыйын экенин айтат:
-Жаш кыздарды уурдаган адамдар керек болсо ошол өкмөттө иштеген кишилердин тааныштары, достору. Ошондуктан аларды токтотуу мүмкүн эмес. Мага окшогон карапайым адамдар кыздарын мектепке жибергенден коркуп отурушат. Ала качып кетет деп кыздарын мектепке жибергиси келбегендер көбөйүүдө. Анын бетин ары кылсын, менин кызымдын башына ошондой иш түшсө, Ооганстандан биротоло кетем, - дейт Кундуздун катардагы жашоочусу.