Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:13

Борбордук шайлоо комиссиясы календардык планды тактады

БИШКЕК. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда 5 маселе талкууланды. Негизги маселелердин бири Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктардын жүрүшү каралып, 11 бөлүмдөн турган календардык план түзүлдү. Анда 131 пункттан турган ар бир иш-чараны өткөрүү убактысы, мөөнөтү, шайлоого даярдыктарды аткаруучулар такталган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу башкармалыгы, аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери 1-декабрга чейин шайлоочуларды каттоо жана алардын тизмесин тактоо милдети аталган календардык планда көргөзүлгөн. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын натыйжалуу иштөөсүнө бийлик органдары тарабынан шарт түзүлүүсү каралган.
XS
SM
MD
LG