БИШКЕК. Эларалык "Фридом хауз" уюму саясий активист, укук коргоочу жана президенттикке экс-талапкер Турсунбек Акундун дарексиз жоголушун иликтей баштады. Бул тууралуу "Фридом хауз" билдирүү таратты.
Анда белгиленгенге караганда Кыргызстанда буга чейин активисттин жоголуу фактысы катталган эмес. "Фридом Хауздун" аткаруучу директору Женнифер Виндзордун айтымында, уюмду Турсунбек Акуновдун ырасмий бийликке каршы аракеттерге күжүрмөн аралашып жаткан кезде жоголушу кооптондурууда. Ошондуктан уюм тартип коргоо кызматтарын укук коргоочуну ынтызарлык менен издеп, тыянагын коомчулукка билдирүүгө чакырды.
Кыргызстандагы укук коргоочуларды колдоо долбоорунун башчысы Стюарт Кан "Фридом Хауз" Акуновдун жоголушуна байланышкан белгисиз жагдайларды иликтөөгө аракеттенет. Ошондуктан уюм күч структураларына маалымат алуу жаатында кызматташууну суранып кайрылды.