БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги отуруму 7-декабрда башталат. Мындай маалымат бүгүн жыйындын маалымат катчысы Ырыс Осмоналиевадан алынды. Республиканын 2005-жыл үчүн бюджетинин долбоору Эл өкүлдөр жыйыны карай турган негизги маселе. Мындан тышкары парламент Кыргызстан карыздары үчүн Орусияга сунуштап жаткан төрт ишкананын бири – «Дастан» акционердик коомуна байланышкан маселени талкуулайт жана «Концессия жөнүндөгү» мыйзамга кошумчаларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга пикирин айтат.
Мыйзам чыгаруу жыйыны «Концессия жөнүндөгү» мыйзамды узак талаш-тартыштан кийин 9-ноябрда кабыл алган. Бул мыйзам акционердик коомдорду концессияга берүү укугун кепилдейт.
Мыйзам чыгаруу жыйыны «Концессия жөнүндөгү» мыйзамды узак талаш-тартыштан кийин 9-ноябрда кабыл алган. Бул мыйзам акционердик коомдорду концессияга берүү укугун кепилдейт.