Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Турсунбек Акундун жакындары дагы пикетке чыкты


БИШКЕК. Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун үйбүлөсү, жакындары жана 15 чамалаш тарапкерлери 27-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар кыргыз бийлигинен Турсунбек Акунду таап беришин талап кылышты.

Укук коргоочуга издөө салышкан Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн азырынча эч кандай маалымат жок экендигин бүгүн билдиришти.

Ал эми Чүй-Байтик проспектиснин кесилишинде Турсунбек Акунду коргоо штабы укук коргоочуну издөө иштерине каражат топтоо максатында акция өткөрүштү. Белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков өзүнүн чыгармаларын аткарып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан күчкө салынып Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал жерден Момбековго эскертүү берилип, кайра бошотулду. Бул тууралу аталган штабдын жетекчиси Нурлан Мотуев “Азаттыкка” билдирди.

Ушул эле күнү адам укугун коргоо Обсерваториясы мамлекет башчысы Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге, юстиция министри Курманбек Осмоновго, ички иштер министри Бакирдин Субанбековго кайрылуу жолдоду. Анда кыргыз бийлигинен укук коргоочу Турсунбек Акунду издөөнү күчөтүүнү, ал тууралуу маалыматты үйбүлөсүнө билдирүүнү жана кандай кырдаалда болбосун анын аман-эсендигин камсыз кылуу кепилдигин өтүнүшкөн. Ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1998-жылы 9-декабрда кабыл алган Адам укуктарын коргоо декларациясынын шарттарын аткарууга кепилдик кылуусу каралган.

XS
SM
MD
LG