Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

29-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунан алынган маалыматка караганда, 29-ноябрда республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым убактарда 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл аймагында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +4…+9 градус.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +1…+6 градустун айланасында.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн 0…-4 градус суук, ал эми күндүз абанын жылуулугу +2ден …+7 градуска чейин жылыйт.
Тоолуу Нарын дубанында түнкүсүн -3….-8 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу болот.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ кез-кези менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы +1…+3, күндүз +4…+6 градуска жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG