Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Ысыккөлдө бензин кымбат


КАРАКОЛ. Күйүүчү майдын кымбатташы Ысыккөл облусундагы айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын күчөттү. Көл аймагында күйүүчү майдын басы 18 сом 50 тыйындан 19-20 сомго чейин көтөрүлдү. Күйүүчү майга баанын өсүшү айрыкча айдоочулардын нааразычылыгын күчөтүүдө. Маселен Каракол-Бишкек, Каракол-Чолпоната, Каракол-Балыкчы жана Каракол-Бөкөнбаев автокаттамдары боюнча каттаган автоунаалардын айдоочулары акыркы күндөрү жүргүнчүлөрдүн дээрлик азайгандыгын айтышууда. Ал эми жеке менчик, жеңил автоунаалардын айдоочулары Каракол-Бишкек автокаттамдардын жол акысы үч жүз элүү сомго чейин көтөрүлгөндөн бери жүргүнчүлөр менен пикир келишпестиктердин көп болуп жаткандыгын тастыкташууда.

XS
SM
MD
LG