Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Украинадагы шайлоого Кыргызстандан ойлор


БИШКЕК. Украинанын парламенти Верховная Рада кечээ президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жана Борбордук шайлоо комиссиясына ишенбей тургандыгын билдирген токтом кабыл алды. Мындай чечимге карата Кыргызстандын саясатчыларынын пикири ар кыл. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы гана баалай алат, эгер Украинанын президенти Леонид Кучма парламенттин бул чечимин колдой турган болсо ал өлкөнүн конституциясына карама-каршы келген аракет болот деп билдирди. Депутаттын баамында, эгер Леонид Кучма парламенттин чечимин колдосо Украинада төңкөрүш болду деп таанылып, башка өлкөлөргө да таасир берүүчү революциялык кырдаал түзүлөт.

Ал эми кыргыз президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп санай тургандыгын жана миллиондогон элди митингге чыгарган күчтөрдүн аракети мыйзамга каршы келээрин билдирди.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Тагаев болсо Украина парламентинин шайлоонун жыйынтыгы чыккандан бир топ күн өткөндөн кийин мындай чечимге келишине эларалык коомчулуктун басымы таасир берди деп кооптоноорун билдирди.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын Украинадагы шайлоого байкоо салган президенти Эдил Байсаловдун айтымында, парламенттин токому президенттик шайлоонун үчүнчү турун өткөрүүгө негиз берчү чечим болот жана Виктор Ющенконун жактоочулары аны 2-3 жуманын ичинде өткөрүүнү талап кыла баштады.

XS
SM
MD
LG