Кыргызстандагы жаза өтөөчү жайлардагы акыбал эларалык стандартка таптакыр туура келбей тургандыгы тууралуу адам укугун коргоочулар, эларалык уюмдар жана башка изилдөөчүлөр тарабынан көп эле айтылып келет. Мындан төрт жыл мурун башкы прокуратуранын алдында атуулдардын жана жаза өтөөчү жайларда кармалып жаткан адамдардын укугун коргоо боюнча атайын орган түзүлгөн. Алар маал-маалы менен түрмөлөрдүн, убактылуу жана түрмөгө чейин камоочу жайлардын ички абалын, тартибин жана андагылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп турушат.
Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Аманкуловдун айтуусунда үстүбүздөгү жыл ичинде жаза өтөөчү жайларда кармалып жаткандарга милиция кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук жасалган 194 учур катталган:
-Бул фактылар боюнча тартип коргоо кызматкерлерин жоопко тартуу үчүн өкмөткө жана башка тиешелүү мекемелерге 191 сунуш бергенбиз, ал эми мыйзам бузган 147 кызматкер дисциплинардык жоопко тартылды. Үч кылмыш иши козголду.
Үстүбүздөгү жылдын башында Карасуу шаарындагы убактылуу камоочу жайда милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы катталган эле. Аталган окуя боюнча атайын депутаттык топ да түзүлүп, ишти кароону башкы прокуратура мойнуна алган. Башкы прокуратура кызматкери Канат Аманкуловдун айтымында бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп саналышкан милиция кызматкерлери Султанбаев менен Муминжанов сот жообуна тартылышты.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Ош шаарындагы 5-СИЗОдо 18 адам тартип сактоо кызматкеринин мыйзамдан тыш жасаган мамилесине нааразылык иретинде кан тамырларын кескилешкен деген кабар тараган. Бул окуя тууралуу күч органдары чачкын, бири-бирине окшобогон маалымат беришти.
5-СИЗОнун жетекчиси Самидин Сатаров 18-ноябрь күнү басма сөз каражаттарына берген маалыматында окуяны «камакта отургандардын ич ара мамиле териштирүү чатагы» деп баалаган. Ал эми нааразылык көрсөтүп, кан тамырын кескилеген адамдар менен СИЗОнун ичинен көзмө-көз көрүшүп чыккан облустук акыйкатчы Зиядин Жамалдиновдун айтымында аларды бул акцияга барууга СИЗОнун күзөтчүсү Зайнабидин Кадыровдун орой мамилеси түрткөн:
-Биз СИЗОго кирип, нааразылык билдиргендер менен сүйлөшкөнүбүздө, алардын кан тамырларын кескилөөсүнө ошол жердеги кызматкер Кадыров Зайнабидин себепкер болгондугун айтышты. Нааразылык билдиргендердин айтуусунда Кадыров кысымга алып, уруп, жаман сөздөр менен сөгүп, «жок кылып жиберем» деген сөздөр менен катуу басым көрсөтө бергендигинен улам колдорундагы кан тамырларын тилишкен.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаза өтөөчү жайларындагы абал менен таанышып, коомчулукка билдирип турган жалгыз эле акыйкатчы институту болуп жаткандай. Бирок акыйкатчынын жер-жерлердеги өкүлдөрү жаза өтөөчү жайларга киргизилбей жаткан учурлары да бар. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу мындай дейт:
-Биздин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүбүзгө убактылуу камоочу жайда жаткан төрт жигиттен «милиция кызматкерлери уруп-тепкилеп мойнубузга кылбаган күнөөнү алдырабыз деп атышат» деген мазмунда арыз түшкөн. Ошону текшерели деп барышкан менин Баткендеги өкүлдөрүмдү убактылуу камоочу жайга киргизбей, аларды сабап, кагаздарын, күбөлүктөрүн алып коюшуптур. Ушундай эле учурлар Карасууда, Сузакта да болуп жатат.
Башкы прокуратура кызматкери Канат Аманкуловдун айтуусунда, жаза өтөөчү жайларда милиционерлердин зордугуна чыдабай, түрдүү нааразылык акциясына баруу учурлары көбүнчө билинбей калат. Канат мырза буга жабырлануучулардын өздөрү күнөөлүү деген ойдо:
-Жаза өтөөчү жайларда жаткандар тартип сактоо кызматкерлеринин зордугу тууралуу өздөрү кайрылышпайт. Ал эми биз барып, текшергенде аныкталып калган фактылар боюнча да көбүнчө көрсөтмө беришпейт. Ошондуктан биз аларды жоопко тарталбайбыз.
Учурда Кыргызстандын жаза өтөөчү жайларында 17 000ден ашуун киши жатат.