Каирде Палестин премьер-министри Ахмед Корей, Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун башчысынын милдетин аткаруучу Махмуд Аббас жана автономия лидеринин милдетин аткарып жаткан Раухи Фаттух Египеттин президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Анда негизинен 9-январга белгиленген автономия башчысын шайлоого жана Израиль менен тынчтык мамилелерди жөнгө салууга байланышкан маселелер талкууланууда.