Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

ЧОКМОРОВДОРДУН КЫРГЫЗ СПОРТУНА КОШКОН САЛЫМЫ АТ КӨТӨРГҮС


Жалпы журт кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Сүймөнкул Чокморовду СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү жана белгилүү кино актер катары билет. Бул жолу анын бир туугандары менен бирге кыргыз спортуна кошкон салымы тууралуу сөз болот.

Сүймөнкул Чокморовдун атасы улакчы жана чебер уста болгон. Бир тууган агалары Намырбек, Бакыя, Эсен, Сүйөркул жана карындашы Насыйкат да волейболдун чеберлери. Агаларынын таасиринен улам Сүймөнкул волейболго, ат спортуна дилгир өсүп, жашында өлкөнүн тандалма командасында ойногон.

Кийин Санкт-Петербургда билим алып жүргөндө жогорку окуу жайлардын «Буревестник» спорт коомунун тандалма командасына кабыл алынып, чеберчилиги жогорулаган. Санкт-Петербургда волейболдон "СССР спорт чебери" аталган. Ал мезгилде спорт оюндарынан мындай даражага жетүү кыйын эле.

Учурунда Бишкектин «Спартак» командасынын катарында мелдештерде намыс талашты. Бир командада ойногон агасы Сүйөркул ал күндөр тууралуу мындайча эскерет:

- Сүймөнкул экөөбүздүн айырмабыз эки жаш. Кичинебизден айылда чогуу ойноп, ат минип, кой кайтарып чоңойдук. Көркөм сүрөт окуу жайында окуп жүргөндө волейболго баш оту менен кирип кетти. Улуу агабыз Бакыя «Искра» командасында ойночу. Ошонун таасири менен баарыбыз волейболго дилгир болуп өстүк. Сүймөнкул Санкт- Петербургда «буревестник» командасынын катарында ойноду. Кытай, Монголия жана Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн мелдештерге катышуу үчүн атайын Ленинграддан келчү. Айрым мелдештерде агабыз Бакыя, Эсен, Сүймөнкул, карындашым Насыйкат жана мен болуп бир команда түзүп ойногон күндөр эсимде. Сүймөнкул көтөрүлгөн топту чапканда аны эч ким тосо алчу эмес. Абдан шамдагай, чыдамкай жан эле. Ошондуктан 50дөн ашуун операцияларга чыдап, бир кыңк этип койбоду.

Учурунда кыргыз жигиттеринен волейбол командасын түзүп, улутчул деген жалаага кабылган, кыргыз жаштарынан биринчи болуп "СССР спорт чебери" аталган Тобокел Мамыров Чокморовдордун спортко кошкон салымы тууралуу мындай дейт:

- Чокморовдордон айрыкча Сүймөнкул волейболду мыкты ойночу. Ал кичине кезинде «кызыл жүгүрүк» деген дарт менен ооруп, илмийген арык бала эле. Спорт менен машыгып, сүрөт тартып ооруну жеңип, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныта алды. Кийин да киного тартылуусуна спорт чоң жардам берди. Ал түгүл оорудан азап чегип жүргөндө да бир «кыңк» этип, башкаларга сыр билгизбеди.

50гө жакын кино тасмага тартылган Сүймөнкул Чокморовго Бишкекте эстелик тургузулбаганына капа болгон Эркин Акунов аны менен учурунда волейболду бирге ойногон:

-Чынында Сүймөнкулдун спортко келип калышына агаларынын таасири чоң болду. Спорт менен кинодон таанылды. Көзү өткөндөн бери биз курбуларынын, бир туугандарынын демилгеси менен волейбол боюнча эларалык мелдеш өткөрүп жүрөбүз. Сүймөнкулга Бишкектин көрүнүктүү жерине эстелик тургузуп койсо дурус болмок. Ага татыктуу эмгек кылган эле.

Сүймөнкулдун агасы Эсен Чокморов учурунда Алматынын тоо-кен институтунун командасында ойноп, Казакстанга таанылган. Намырбек агасы да жеңил атлетикадан мелдештерге катышып, волейболду жакшы ойночу деп эскеришет замандаштары. Анын уулдары белгилүү футболчулар, «Алга» командасынын чабуулчулары Марс менен Алмаз Чокморовдун өлкөнүн футболунун өнүгүшүнө кошкон салымы чоң.

Сүйөркул Чокморовдун кичүү уулу Кудаяр жаштыгын, тагдырын спортко арнаган агаларынын жолун улантып, футболдон өспүрүмдөр арасында өлкөнүн чемпиону аталып, келечегинен үмүткөр кылууда.

Сүймөнкулдун уулу Бактияр да спорттун чыгыш түрү боюнча машыгып, мелдештерге катышкан. Учурда өлкөнүн бажы кызматында иштеп жүрөт. 13 жылдан бери волейбол боюнча Сүймөнкул Чокморовду эскерүүгө арналган мелдеш өткөрүү салтка айланып калды. Алгач башталганда Алатоонун бардык облусунун командалары катышса, кийинки жылдары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун командалары менен чектелип калган. Быйылкы турнир 30- ноябрдан 4-декабрга чейин Бишкекте өткөрүлүп, ага Казакстандан да командалар келүүгө ниет кылышууда.

«Кийин да Чокморовдордун тукумунан Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган спортчулар чыгаарына ишенем» деди улуу таланттын агасы Сүйөркул.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG