Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:08

Кытайда дагы бир шахтада кырсык болуп, 7 киши каза тапты


Өлкөнүн чыгышындагы көмүр кендеринин биринде өрт чыгып, андан 7 кенчи каза тапты. Куткаруучулар кырсык учурунда кендеги 12 кишини өрттөн куткарууга үлгүрүшкөн.

Өткөн ишембиден жекшембиге оогон түнү Кытайдын түндүгүндөгү дагы бир шахтада газдын жарылуусунан 25 адам набыт болуп, 140тай адам жер астында калып калган. Учурда аларды куткаруу иштери улантылууда.

Кытайдын шахталары дүйнөдөгү эң кооптуу кендердин катарына кирет. Өлкөдө жылына миңдеген адамдар шахталардагы түрдүү кырсыктардын курмандыгы болушат.

XS
SM
MD
LG