Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Гаагада Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланууда


Палестин лидери Ясыр Арафат көз жумгандан кийинки Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуунун келечек планы бүгүн Гаагада башталган көптараптуу сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болууда. Ага Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, Палестин автономиясынын, Израилдин, Египеттин, Түркиянын, ошондой эле Жер Ортолук деңизиндеги башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышып жатышат. Сүйлөшүү учурунда Европа Биримдигинин өкүлдөрү Израилди АКШ, Орусия, Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан сунушталган «жол картасы» тынчтык планына кайтууга ынандыруусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG