Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

1-декабрда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин маалыматы боюнча 1-декабрда Кыргызстандын кээ бир аймактарында жамгыр жаап, Чүй, Талас облустарына түнкүсүн туман түшөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +3…+8 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн 0…+5 градуска жылуу , күндүз +6…+11 градус.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН облустарында түнкүсүн -5 градустан -10 градуска чейин суук болот ал эми күндүз +2…+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн 0…-1 градус суук, күндүз жамгыр жаап, абанын температурасы +4…+6 градуска жылыйт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG