Өлкөнүн улуттук коопсуздугу боюнча жогорку кеңештин катчысы Хасан Роухани бүгүн ушундай деп билдирди. МАГАТЭ кечээ уран байытуу ишин толук токтотконго Иран макул болгондугун ырастаган эле. Президент Мохаммад Хатами МАГАТЭде кабыл алынган бул резолюцияны Ирандын чоң жеңиши деп атады. Хасан Роухани европалыктардан ислам Иран республикасына заманбап технологияларды бергенге, Тегеран менен узак мөөнөттүү экономикалык, саясий кызматташтык мамилелерге өтөрүнө кепилдик талап кылды. Кошмо Штаттары Ирандын атомдук программасы эл аралык коомчулуктун кылдат байкооосунда турушу керек деп эсептейт.