Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

СПИДке каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата Ош шаарында жаштардын массалык акциялары өттү


ОШ. Окуу жайлардын «Биз таза жана сергек коом үчүн», «СПИД менен баңгиликке жол жок» деп жазылган плакаттарды көтөргөн 3 миңге жакын студенттери менен мектеп окуучулары шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүрүш жасады. Жаштардын массалык акцияларынын жүрүшүндө атайын адистер СПИДдин жана баңгиликтин коркунучтуулугу, андан коргонуунун чаралары боюнча акциянын катышуучуларына лекцияларды окуду. Бул багытта кагаз жүзүндө жана оозэки түрүндө суроо-жооптор өткөрүлдү. Акциянын катышуучуларына коопсуз жыныстык байланыш, наркомания жана кан куюдагы коопсуздук чаралары боюнча жазылган маалымат китепчелери таркатылды. СПИДке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата иш чаралар Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын, «Кызыл жарым ай» коомунун жана «Подруга» бейөкмөт уюмунун көмөгү менен уюштурулду.

XS
SM
MD
LG