Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Экс-элчилер Конституциялык сотко арыз жолдошту


БИШКЕК.Кыргызстандын үч экс-элчиси Медеткан Шеримкулов, Мамбетжунус Абылов жана Үсөн Сыдыков 30-ноябрда Конституциялык Сотко арыз жолдошту. Анда Шайлоо кодексинин 69-беренесинин 1-пунктунун 2-абзацы, Конституциянын 22-беренесинин 1-пунктуна, 23-беренесинин 3-пунктуна, Шайлоо кодексининин 2-беренесинин 2-пунктуна,3-беренесининин 2-пунктуна карама-каршы жана аны ылайык эмес деп табууну өтүнүштү. Андан тышкары Шайлоо Кодексининин аталган беренеси Жаран жана саясий укуктар боюнча 1961-жылы кабыл алынган Эл аралык Пактка карама-каршы жана ага ылайык эмес деп табууну суранышты. Мындай маалыматты бүгүн экс-элчи Мамбетжунус Абылов кабарлады. Анын билдирүүсү боюнча Конституциялык сот беш күндүн аралыгында арызды сот өндүрүшүнө алууга же аны сот өндүрүшүнө алууга болбой турган укуктук негизди таап жооп берүүгө милдеттүү. Бүгүн «Кыргызстан элдик кыймылы» бул маселеге байланыштуу билдирүү таратты, анда бийлик шайлоолордун алдында саясий абалды курчутуп жатат деп айтылат. Андан тышкары президенттин айланасындагылар М.Шеримкулов, Ү.Сыдыков, М.Абылов сыяктуу күчтүү атаандаштардан коркуп саясий ыплас оюн жүргүзүүдө, бул бийликке жакпаган дипломаттарды куугунтуктоо деп баалап, аны токтотууну президенттен талап кылышты. Өлкөнүн үч экс-элчиси Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин Кыргызстанда беш жыл аралыгында жашабаган элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт деп түшүндүрмө бергени, Шайлоо кодексинин аталган беренеси элчилердин конституциялык укугун бузаарын далилдөөгө аракеттенишүүдө.

XS
SM
MD
LG