НЬЮ ДЕЛИ. Россиянын коргоо министри Сергей Иванов бүгүн Индиянын жетекчилиги менен жолукту. Министр Россиянын президенти Владимир Путиндин бейшемби күнү Индияга баштала турган расмий сапарына даярдык көрүүдө. Анда эки өлкөнүн жетекчилери орток алакаларды жана аскердик тармактагы кызматташууну талкуулашат. Россия Индияны танкалар, аскердик кемелер жана учактар менен камсыз кылып турган негизги өнөктөш.
Россия министри бүгүн Индиянын коргоо миинстри Пранаб Мухержее жана Индиянын куралдуу күчтөрүнүн жооптуу үч өкүлү менен сүйлөштү. Иванов Россия-Индия аскердик кызматташуусу жалаң соода алыш-бериши менен чектелбестен, биргелешип курал жасап чыгаруунун дэңгээлине көтөрүлүүсү керек, деп белгиледи.