Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Ирактын президенти шайлоо белгиленген убакта өтө турганын билдирди


БАГДАД. Ирактын сунни мусулмандарынан чыккан убактылуу президенти Гази ал-Явер өлкөдөгү шайлоо, алдын ала белгилегендей, 9-январда өткөрүлө турганын билдирди. Өкмөт убадасынан тайбашы керек, деди ал-Явер.
Анын аралыгында курттөрдүн эки саясий партиясы шайлоого бир тизме менен катыша турганын билдиришти. Бул жөнүндө Курдистан Демократиялык Партиясынын башчысы Массуд Барзани Курдистандын Патриоттук Биримдигинин жетекчиси Жалал Талабани менен жолуккан соң жарыялады. Ирактагы коопсуздук жагдайына байланыштуу өлкөнүн бир катар саясий партиялары менен топтору шайлоону кийинкиге жылдырууга үндөшкөн. Ал эми сунни динаятчыларынын айрымдары шайлоону четке кагууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG