Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Израилдин премьер-министри кызматынан чегиниши мүмкүн


Израилдин парламенти кечээ күнү келерки жылдын бюджетин бекитүүдөн баш тартты жана эми премьер-министр Ариел Шарондун коалициялык өкмөтү тарап кетиши мүмкүн. Өкмөт сунуштаган бюджет долбооруна - коалицияга кирген Шинуй партиясы каршы добуш берди жана Шарон дароо бул партия тарабынан өкмөткө кирген беш министрди кызматтан алды. Эгер 31-мартка чейин бюджет долбоору бекитилбесе, Шарондун өкмөтү кызматынан чегинет жана кезексиз парламенттик шайлоо дайындалат. Шарон кызматында дагы эки жыл отуруш керек болчу.

XS
SM
MD
LG