Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Бириккен Улуттардын баш катчысы кызматынан чегинбей турганын билдирди


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын басма сөз өкүлү Фред Экхарддын айтымында, Аннан өз кызматында мөөнөтү аяктаганга чейин калат: "Бир да мүчө-мамлекет тарабынан Аннандын кызматтан кетиши тууралуу пикир айтылган жок. Ал тууралуу кайсы бир чөйрөлөрдө агитация болуп жатса, ал жөн гана талкуу. Аннандын мөөнөтү аяктаганга чейин эки жыл бир ай калды жана ал бул мөөнөттүн аягына чейин иштөөгө ниеттүү". Ирактын "Мунай үчүн азык-түлүк" атуу порограммасын аткаруу учурундагы коррупцияга Аннандын уулу катышкан деген күнөө менен АКШ сенатору Норм Коулман чыгып, Аннан кызматынан кетүүгө тийиш деп кечээ күнү жарыялады.

XS
SM
MD
LG