Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:31

ЖОГОЛГОН УКУК КОРГООЧУНУН ТАБЫЛЫШЫ, АРЗАН ДЕЛГЕН ЭРКИН ГЕЗИТКЕ КОЮЛГАН АЙЫП, УКРАИН ШАЙЛООСУ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында табышмактуу жоголуп кетип табылган укук коргоочу Турсунбек Акун тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Украинадагы шайлоонун сабактары да кыргыз басылмаларында байма-бай комментарийге алынууда.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашагандар менен жогорку окуу жайларында окуган студент жаштарды, башкалаадагы айылдыктарды каттоо иши жакында башталарын «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.

Ушул эле гезиттин кабарлашынча, жаңы жылга чейин Кыргызстандын жаңы паспорту бериле башташы ыктымал. 1994-жылкы паспортту жасап алуу техникалык жагынан анчалык кыйын эмес экенин Кыргызстандын жасалма паспорту менен жүрүшкөн криминал төбөлдөрү далилдешти, деп белгилейт гезит кабарчысы Эрлан Сатыбеков.

Бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити Кубан Мамбетовдун «Вашингтон көрсөтмөсү боюнча» деген макаласын жарыялады. Бийликти демократтарга өткөрүп берүү көрсөтмөсү Батыштан келет. Минтип шериктештерин бир четтен жогото берсе Орусия өнөктөшсүз калышы турган иш. Кезектеги бийлик алмашуусу Армения, Казакстан, Кыргызстанда өтүшү ыктымал, дейт макала автору. Басылманын жаңы санында Бишкектеги ишкерлер клубунун мүчөсү Жеңишбек Байгуттиевдин «Акчаны инспекторго берген ыңгайлуу» деген макаласы жарыяланган. Жаңы Салык кодексинин айланасындагы талашка токтолгон автор пайдадан алынчу салык жылдан-жылга азайып баратканын көрсөткөн. Пайдадан алынган 20% салыкты бюджетке төлөгүчө салык инспекторунун чөнтөгүнө акча салып коюу кыйла ыңгайлуу. Автордун сунушу боюнча, салык өлчөмүн азыркы 20% аз-аздан төмөн түшүрө берүү керек. Беш-он жыл ичинде аны кирешеден алынчу салыктын өлчөмүнө - 10% түшүрсө салыктан качуу ыңгайсыз болуп калат. Көмүскө экономиканын көбү андайда ачыкка чыгат чыгат, деп ырастайт макала автору.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун кантип табылганына бейшембидеги «Трибуна» гезити токтолду. Ушул эле басылмада Жалалабад облустук финансы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Бегимкуловдун Кубан Мамбеталиев менен маеги жарыяланган. Аңгеме-дүкөн «Прокурордун курдымагыбы же анын кесиптик чаласабаттыгыбы?» деп аталат.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде парламент депутаттарынын ишмердиги тууралуу эки көлөмдүү материал, Турсунбек Акундун табылышы жөнүндө Элнура Кулуеванын макаласы жарыяланууда.

«МСН» гезити жума күнкү санында Рина Приживойттун «Апельсинди» го көргүңөр келбейт экен, жок дегенде элге калп айтпагыла!» деген макаласы чыгууда. Украинадагы президент шайлоонун жыйынтыгын күтпөй озунуп куттуктап ийген кыргыз бийлиги эркин гезитти жабуунун жаңы жолун табууда. Монополияга каршы мыйзамды колдонуп «МСН» гезитин муунтуу аракети жасалууда, деп белгилейт макала автору.

Басылмада Геннадий Кузьминдин «Кымбат президент» деген макаласы да жарыяланууда. Анда президент А.Акаев кымбатбаа китепкана салдыртып, келишкен үйлөрдү тургузуп жатканы тууралуу кеп болот.

Жума күнкү «Агым» гезитинде кандай материалдар жарык көрүп атканын жооптуу катчы Гүласыйна Каленова айтып бермекчи:

- Парламентте кворумдун жоктугу, депутаттардын фракцияларга бөлүнүп кетиши, «Түндүкэлектр» акционердик коомунун, «Кыргызгаздын» тагдырынын чечилбей турушу тууралуу депутат Темир Сариевдин маеги, өлкөнүн саясий-экономикалык турмушундагы кыскача жаңылыктар жарыяланууда.

Кеп кезеги «Кыргыз руху» гезитинин редактор орунбасары Эркайым Көчөрбаевада:

- Украинадагы шайлоолор боюнча материалдар жарыяланууда. Эларалык «Манас» абамайданында «Жүргүнчү ким үчүн «алтын балык?» деген макалада ишкананын ичиндеги көйгөйлөр козголот. Ошондой эле гезитибизде сенсациялуу дегидей «Жарака» деген саясий күтүлбөгөн жүрүштөр тууралуу макала чыгып жатат.

Башкы редактор орунбасары Эмилбек Момунов «Бишкек таймс» гезитиндеги материалдар менен тааныштырмакчы:

- Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону адилет жана чыр-чатаксыз өткөрүү боюнча кандай аракеттерди жасап жатканын баяндаган макалага орун берилген. Ошондой эле өткөн жумада дагы бир укук коргоочу Азиза Абдырасулова аз жерден кантип уурдалып кете жаздаганы жөнүндө макала жарыяланып жатат. Украинадагы шайлоо жөнүндө белгилүү саясатчы Ишенбай Абдуразаков гезитибизге маек куруп берген.
XS
SM
MD
LG