Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Түркмөн президенти Ниязов бир нече мамчиновникти кызматтан алды


Алардын арасында Дашогус облусунун башчысы Ишанкул Гулмурадов, анын орун басарлары жана ошол эле облустагы Ниязов атындагы райондун акими бар. Дашогус облусунун жетекчисине “тонналаган пахтаны туура эмес пайдаланган жана пара алган” деген айып тагылып, иши тергөөдө. Аны кызматтан бошоткон президент Ниязов Гулмурадовдун коррпуцияга катышы бар деп, өкүнгөнүн мындай билдирди.

- Бул өтө татаал маселе. Бул биздин жүрөгүбүзгө катуу тийди. Алланын алдында биз таза болушубуз керек. Мындай окуяларды жашырбашыбыз керек. Анткени, биз элге бардык нерселерди, айрыкча жоопко тартылган адамдар жөнүндө бардык маалыматты билдирип турушубуз керек.

Апта башында Ниязов Түркмөнстандын Белгиядагы элчисин да кызматтан бошоткон.

XS
SM
MD
LG