Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Ирактын сунни мусулмандары шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштоодо


Ирактын сунни мусулмандары премьер-министр Айяд Аллавиге кайрылып, 30-январга белгиленген шайлоону кийинкиге калтырууну суранды. Өлкөнүн Исламдык партиясы маселени жекшемби күнү кароого камданып жатат. Бирок АКШ президенти андай идеяга кечээ күнү каршы чыкты: "Ирак эли добуш бере турган убакыт келди жана мен шайлоону чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бул шайлоо - Ирак коому диктаторлук тартипти артта калтырып, алдыга ылдам өнүгүп жатканын көрсөтө турган тарыхта чанда кездешкен мезгил болот". Мосул шаарында кечээ күнү куралдуу кагылышуу болуп, бир америкалык солдат окко учуп, эки ирактык жоокер жараат алды, Багдаддагы кагылышуулар жана бомба жарылуусунан үч адам өлүп, 11 киши жарадар болду, Бейжи шаарында болсо бомба жарылып, төрт аскер жараат алды.

XS
SM
MD
LG