Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Украинадагы президенттик шайлоодон чыккан чатак жөнгө салына элек


Украинанын президенти Леонид Кучма Маскөөдөн кайтып келгенден кийин кечээ күнү өкмөт жыйынын өткөрүп, учурдагы өкмөт кызматынан конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана кетет деп билдирди: "Сунушталган жаңы мыйзам боюнча конституцияга өзгөртүү киргизилип, конституциялык реформа өткөрүлөт, мындан ары өкмөттү парламент түзүүгө тийиш жана өлкөдөгү абал үчүн өкмөт дагы, парламент дагы жооптуу болот". Өкмөт жыйынынын жүрүшү улуттук сыналгы аркылуу түз көрсөтүлдү. Маскөө жолугушуусунда болсо орус президенти Владимир Путин Украинадагы шайлоонун экинчи айлампасын кайра өткөрүүгө каршы чыкты. Путин дагы, Кучма дагы шайлоону башынан тартып кайра уюштуруу зарыл деген пикирде. Украинанын Жогорку соту шайлоо боюнча чечим чыгара элек.

XS
SM
MD
LG