Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:11

ТУРСУНБЕК АКУН: ЖОГОЛГОНДУН ЖОРОМОЛУ КӨП…


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун дайынсыз жоголгондон 15 күндөн кийин белгисиз адамдар тарабынан 1- декабрда кечке жуук саат 18 дин тегерегинде Бишкек шаарындагы 4-ооруканага жеткирилген. Түнкү саат 11 де укук коргоочу Турсунбек Акун жаткан бөлмөдөн бул жерге келген Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытов, жубайы Гүлмира Жапар кызы жана башкалардан «Азаттыкка» кыскача маек алганбыз. Укук коргоочу Турсунбек Акун өзүн 16-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын 2 кызматкери сүйлөшөбүз деп машинага салып, шаар четиндеги бир үйдүн жертөлөөсүндө кармап турганын айтса, Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары, генерал Токон Мамытов бул окуяга коопсуздук кызматынын эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.

Биз 4-ооруканага барганда Укук коргоочу Турсунбек Акун жаткан бөлүмдү тартип коргоо кызматкерлери кайтарып тургандыктан көпкө чейин кире албай сыртта күтүп турдук. Андан соң атайын күзөттө тургандар саналуу гана адамдарды укук коргоочу жаткан бөлмөгө киргизип, учурашууга, ал менен маек уюштурууга руксат берди. Укук коргоочу бөлмөгө кирген адамдар менен көзүн ачып учураша албады, ал биздин сурообузга араң жооп берип жатты.

Биз алгачкы жолу анын бөлмөсүнө кирип сүйлөшө албай чыктык. Арадан бир саатка жакын убакыт өтүп, дарыгерлер бир сыйра текшерип кеткенден кийин гана Турсунбек Акун биздин сурообузга көзүн ачалбай жатып жооп бере баштады:

- Мени он беш күн бою органдын кызматкерлери кармап жатты, белгисиз караңгы подвалда. Билбейм кайда экенин, айыл жеринде болсо керек, уйлардын мөөрөгөнү угулуп жатты. Мени газ менен уулап, эс-учумду тандырып алып кетишкен.

- Сизди кайсы жерден, кандай газ берип алып кетти?

- УККнын эки кызматкери чакырган. Барсам «байке машинеге түшөлү, бир жерге барып чай ичип отуруп сүйлөшөлү, Иманкулов менен эртең жолуктурабыз» дегенинен ишенип түштүм мен.

- Сиз аларды УККнын кызматкерлери экенин кантип билдиңиз?

- Өзүлөрү айтышты, биз УККнын кызматкерлерибиз деп.

- Документин көрдүңүзбү?

- Документин көрбөй эле түштүм. Билбейм, эсимде жок.

- 15 күн бою кандай жерде, кандай абалда кармалдыңыз?

- Караңгы подвалда кармады.

- Сизди ким кайтарып турду?

- Эки милиция кайтарып турду, пистолеттери бар.

- Аларды билесизби?

- Бирөөнү тааныйм. Дары бер десем, 15 күн бою дары берген жок.

- Сиз газ колдонгонун кантип билдиңиз?

- 4-5 күнгө чейин бир жагымсыз жыт жыттанып жаты. Эс-учумду жоготуп, көзүмдү ачсам газ жыттанып жатыпмын.

- Бул жерге кантип келдиңиз?

- Бул жерге алып кеткендер таштап кетишти. Алар Агропромдун алдына алып барабыз дешти. Мен айттым башым чыдатпай ооруп жатат, ооруканага алып баргыла деп. Биз киргизе албайбыз, бизди билип калат деп талаага ыргытып салды. Ооруканага жетпей, машинабызды бирөө көрүп калбасын деп кетишти.

- Сиз ошол машиненин номерин билесизби?

- Башыма кара топу кийгизип алып келди. Эч нерсени көргөн жокмун.

- Сизди ал жерде уруп, же тамак бербей кыйнаган учурлар болдубу?

- Кыйнаган жок.

- Сизди 16-ноябрда бирөө чакырып, сүйлөшөлү деген экен, ал ким, ошону тааныйсызбы?

- Токон Болотбекович сүйлөшөлү деп жатат деп айтышты. Эмнеге Токон Болотбекович өзү келбейт, десем, сүйлөшөм деп атат дешти.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун ушундай жообунан кийин биз ушул бөлмөдөн Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытовго кайрылдык.

- Токон Болотбекович сиздин бир адамыңыз жолуксун деп кайрылыптыр, ушул чынбы?

- Жок, ал чын эмес. Себеби Тукем өзү менин телефонумду жакшы билет, чөнтөк телефонумдан өйдө. Кабинетимде бир-нече жолу болгон. Мен чалчу эмесмин, ал өзү чалып турчу. Менин атыман чыкканда, сөзсүз мага чалмак деп ойлойм.

- УККнын кызматкерлери кармады деп атат. Буга кандай дейсиз?

- Бул чындыкка жатпайт. Биздин Турсунбек Акунга кандайдыр бир ишибиз да, сурообуз да жок. Жоголгондон баштап биз силер менен, ИИМ, башка уюмдар менен биргелешип кандай табылса өзүбүз да сурасак дегенбиз, бизге да кызык бул кишинин жоголгону.

- Сиздер бул жерде жаңы жолугуп атасыз, силердин аракетиңиздер кандай болот?

- ИИМдин кызматкерлери тергөө жүргүзүшү керек. тергөөчүлөрдүн суроолору болуш керек, биз тараптан суроо жок. Бир эле сурообуз бар, эмне үчүн УККнын атынан, өзгөчө менин атыман кайрылганда, дайыма чыгып жүрүп, түз чыкпай, бирөө эле биз ушундан келдик десе бул күнү жөн эле машинага отуруп кете бергени мага кызык.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Токон Мамытовдун ушундай жообунан кийин биз микрофонду кайрадан Турсунбек Акунга сундук.

- Турсунбек мырза Токон Болотбековичтин айтканына кандай дейсиз?

- Эмне үчүн келген жок десем айтат, эртең Иманкулов кабыл алат, ошон үчүн жүрүңүз чай ичип отуруп сүйлөшөлү дешти.

- 15 күн эмне жөнүндө сүйлөшүп аттыңар?

- Мени алар пытка кылышты кыскасы, моральный террор.

- Кандай талап коюшту сизге?

- Саясий ишиңди, Акаевге отставка талап кылганыңды токтот, чет мамлекетке кетиребиз. Болбосо ушундай кармайбыз дешти. Башым ооруп, дары бергилечи десем, качан саясий ишиңди токтотсоң дары беребиз дешти. Дары берген жок.

- Үй-бүлөм менен жолугушайын, кабар берейин деп аракет кылып көрдүңүзбү?

- Алар эч чыгармак эмес. Эмне болуп чыгарып калды билбейм. Информация жок менде, же радио, же эч нерсе жок. Бүгүн алып чыгабыз дешти, мен айттым чыкпайм деп. Алар айткан көпкө кармайбыз деп, кыскасы мени морально сындырабыз дешти. Муну УКК менен ИИМ кызматкерлери жасаганы туптуура.

- Сиз милициядагы бир адамды тааныйм дедиңиз? Таанысаңыз ысмы ким?

- Атын айткан жок. Борбордук аянтта мени кармап жүргөн жигит. Өзүлөрү деле «Байке, сен бизди билесиң, биз сени билебиз. Жалгыз эле сен калдың башкасы бүтүп. Токтотпойсуңбу Акаевге асылганыңды. Акаевдин 60 жылдыгы болуп атса, сен отставка деп атасың. Биз сага көргөзөбүз» дешти.

- Эми азыр эмне кылайын дейсиз, үйгө барасызбы, же ушул жерге каласызбы?

- Барбайм эч качан. Кыяс, мен кыйналып атам, башым ооруп атат.

Турсунбек Акундун «Азаттык» радиосуна куруп берген кыскача маегинен кийин биз анын жубайы Гүлмира Жапар кызын сөзгө тарттык.

- Гуля эже, сиз Турсунбек Акунду ушул жерден көрдүңүз. Жолдошуңузду бүгүн көргөндө кандай абалда калдыңыз?

- Эң негизгиси аман келгенине сүйүнүп атам.

- Балдар уктубу атасынын табылганын?

- Жок, эки балам уга элек.

- Үйгө алып кетесизби, же ушул жерде каласызбы?

- Өзү калам деп атат, абалы начар экен, башы ооруп атыптыр. Жанында калайын деп атам. Анан алып кеткенге аракет кылам.

Ал эми 4-оорукананын башкы дарыгери Жаныш Сулаймановдон Турсунбек Акундун ден соолугун сурап кайрылганда:

- Сулайманов, башкы врачмын. Азыркы абалы жакшы.

деп кыскача гана жооп берди ал. Ал эми түнкү окуяга күбө болуп жаткан Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин жетекчиси Нурлан Мотуевдун окуяга карата пикири мындай болду.

- Табылганына абдан чоң кубанычтабыз, төбөбүз көккө жетип атат. Бирок Турсунбек Акунду укугун коргоо штабы деген ат кала берет, анткени бул жерден өзү айтып бергендей бары бир бийликтегилер күнөөлү экен. Андыктан Турсунбек Акундун укугун коргоо штабы ишмердигибизди күчөтөбүз. Анткени анын укугу тебеленди, УКК кызматкерлери уурдап кетиптир. Булар биздин чатакты баспай эле, ого бетер күчөтөбүз деп атат.

- Бирок бул жерде Улуттук коопсуздук кызматы эч кандай уурдаган жок деп төраганын орун басары азыр эле сиздин алдыңызда айтты. Ага кандай дейсиз?

- Эми танат да, уурдаган киши мен уурдадым демек беле. Бул ишти бул боюнча калтырбайбыз. Бул боюнча көп маселе алдыда турат, дагы каралат.

деп жооп берди Нурлан Мотуев. Бирок мындай пикирди Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов четке какты. Ага биз айрым суроолор менен кайрылдык.

- Жолдошбек мырза, Турсунбек мырза азыр эле айтты милициянын кызматкерлери мени кайтарып турду деп. Ушуга кандай жооп бересиз?

- Мен анын жанында болбогондон кийин милициянын кайтарганын, кайтарбаганын албетте айта албайм. Мен Турсунбектин айтканынын көп жерине ишенбей турам, анткени эч убакта УККнын кызматкерлери кармап барып милицияга кайтартып койбойт. УККнын өзүнүн жертөлөөсү бар, ошол жерге алып бармак, милиция кармаса милицияга алып бармак. Анан кайдагы бир талаага алып барды деп Турсунбектин айтканына мен ишенбей турам. Тергөө жүрүп атат, иш козголгон. Кандай болгон күндө да Турсунбекти биздин тергөөчүлөр суракка алат. Анткени бул козголгон кылмыш ишинин тегерегинде ушул маселе ачылыш керек. Мүмкүн чын эле уурдаган болсо, кандайдыр бир үчүнчү күч болушу мүмкүн. Мен дагы айтам, эч убакта улуттук коопсуздук кызматы кармаган кишисин милицияга эч убакта кайтартпайт. Уурдалган учурда дагы бул ички иштер органдарынын, УКК кызматкерлеринин колунан келди деп айтканга негиз бербейт.

XS
SM
MD
LG